Домой Коом / Общество Дилбар Чомоева: “Оштун эле эмес, Бишкектин соттору да адилеттиктен тайган тура”

Дилбар Чомоева: “Оштун эле эмес, Бишкектин соттору да адилеттиктен тайган тура”

119

Мыйзам буйлаланган төөбү?

Акыйкат издеген папандыктар  өздөрүн өрттөгөнгө даяр…

Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Папан айылынын тургундары борборго  Жогорку сотко келишкен. Алар өздөрүнүн энчисине тиешелүү мыйзамдуу жер тилкелерине ээ боло алышпай, Бакиев заманынан бери кор болуп келишет. Алар Папан айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ысмаилов  Эрмаматтын үстүнөн арыз жазып, эки жылдан бери соттошуп келишет. Кечээ, 12-июнда акыйкат издеп келген айыл тургундарынын ыйын укпай,  Жогорку сот ишти 26-июнга жылдырды. Жолдун алыстыгын, жол киренин кымбаттыгын эске албай, каалагандай элди калчаган соттордун адамдын убалынан коркпогону жүрөктү оорутат.

Дилбар Чомоева: “16-17 сааттык узак жолдо багажда жатып келдик”

-Айылда жумушсуздук негизги маселе. Ачыгын айтканда, эрте жазда талаа иштерине чыгып, анча-мынча күнүмдүк оокат ашка тыйын-тыпыр таап алабыз. Талаа иштери токтогону колубуз бошоп, чөнтөгүбүздө бир тыйын жок отурган кезибиз. Дегеним, Папан элинин 90 пайызы айыл өкмөткө, акимге нааразы. Ачуу чындыкты айтып шаарга келели дешсе акчалары жок. Эптеп тыйын-тыпыр чогултуп, шаарга 6 өкүл 1 жактоочу келдик. Акчабыз тартыш болгондуктан бирөөбүз машиненин багажнигине жатып келдик. Эми элестетиңиз, 16-17 сааттык узак жолдо багажда жатып келгенин. Дароо эле Жогорку соттун алдына келип токтодук. Негизи соттук отурум эртең менен 10:00дө башталмак. Ишти карап жаткан соттор отурумду түшкү саат 14:00гө жылдырып койду. Чөнтөгүбүздө ашык акча жок, түшкө чейин коридордо отурдук. Саат 14:45 сот залына киргизип, процесс 26-июнга жылдырылды дешсе болобу. Ачуум келип, көзүмө жаш алып, “урматтуу сот, биздин бара турган, жата турган жерибиз жок. Ачыгын айтканда, жол кирени араң таап келип отурабыз” — деп ыйлап жибердим. Төрага,  “отурум 26-июнга жылдырылды, чыга берсеңиздер болот” — деп камырабай ак кагазын тиктеп отуруп алды. Адилеттик кайда?!  Демек, Оштун эле эмес, Бишкектин соттору да адилеттиктен тайган тура. Биздин үнүбүздү уга турчу жан барбы?!



ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here