Домой Саясат / Политика Дамир Мусакеев: «Ата-энемдин, бир туугандарымдын жана менин мүлкүмдү кошкондо, ашып кетсе 90...

Дамир Мусакеев: «Ата-энемдин, бир туугандарымдын жана менин мүлкүмдү кошкондо, ашып кетсе 90 миң долларга чамалап барат»

99

«Башкы прокуратурадагылар, жадагалса, айыл жеринде жашаган адамдар айлыкка жашабасын, кымбат эмес турак-жай сатып алуу үчүн сөзсүз пара алуунун кереги жок экенин да билишпейт экен» — деди МККнын экс-башчысы Дамир Мусакеев. Башкы прокуратура тарабынан анын «мыйзамсыз байыганы» туурасында тараткан маалыматына түшүндүрмө берип жатып, – «Мен буйрутмачылар бар экенин жана башкы прокуратура менин мүлкүм жөнүндөгү мындай ойдон чыгарылган нерселерди өз эркине каршы таратып жатканын түшүнөм» деди.

            40 жылдан бери картошка, өрүк өстүрүп, мал жандык багып келаткан менин ата-энем эки арзан батир, карапайым жаңы конуштардан 3 жер тилкесин сатып алып, өз колдору менен чакан дүкөн курганга жетишерлик акча табышкан. Апам өмүр бою соода тармагында эмгектенген, мындайча айтканда, коммерция менен алектенген. Андан тышкары, биз 4 бир туугандар жана биздин үй-бүлөлөрүбүз дайыма талаада иштеп келдик. Тынбай айылга каттап турабыз. Биздин үй-бүлөнүн бекем чарбачыл тамыры бар, алтургай, менин чоң атамды кезинде кулакка да тартып жиберишкен.

 Биз ата-энебиз менен жыл сайын 7-8 гектар жер иштетебиз, анын ичинде өзүбүздүкү да, ижарага алган да жерлер бар. Бирок башкы прокуратура бул туурасында унчукпайт.

Биздин айылда мүлкү кыйла көп карапайым эле фермерлер бар. Башка райондордо деле акыркы жылдары буттарына бекем туруп калышкан дыйкандар четтен чыгат. Өзүлөрүнүн чарбасын өнүктүрүп, техникаларды сатып алышууда, заңгыраган үйлөрдү куруп, акчаларын анын ичинде Бишкектеги кыймылсыз мүлккө чейин салып жатышат. Бүгүнкү чен менен алганда, биздин үй-бүлө алтургай, айылдагы да бай бүлөлөрдүн катарына кирбейт. Акчанын көбү балдардын окуусуна кетип жатат. Биздин болгон мүлкүбүз ата-энемдикин, меникин жана бир туугандарымдыкын кошкондо, мен буга чейин айткандай, 5-6 миллион сомго, же, ашып кетсе 90 миң долларга чамалап барат. Менин аталаш агамдын чоочун мүлкүн болсо башкы прокуратура мага жабыштырбай эле койсун.   

 Мени коррупциялашкан чиновниктер менен, анын ичинде, кичинекей үйдү бизчилеп 10 жылдап эмес, килейген хан сарайларын 2-3 жылда эле тургуза коюп жатышкан укук коргоо органдарындагы коррупционерлер менен да чаташтыруунун кереги жок. Баса, үйлөрүбүздү алиге чейин куруп бүтүрө албай келатабыз. 

КСДПнын басма сөз кызматы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here