Домой Аналитика Дача-СУ жана аткезчилик туурасындагы жомок

Дача-СУ жана аткезчилик туурасындагы жомок

252

Түрк учагындагы жүк имиштерге шылтоо болууда

Жакында эле КРнын Жогорку Соту формалдуу себептерден улам Алмазбек Атамбаевдин Ө. Текебаевдин адвокаттарына каршы берген доо арызын четке какты. Кыйраган учактагы жүктүн Атамбаевге таандык экендиги туурасындагы түрк атайын кызматтарыныкы делинген жасалма документтерди тараткан ушул адвокаттар болгон. Өзгөргөн саясый кырдаалда соттун мындай чечим чыгараары жана анын укук менен эч кандай байланышы болбостугу түшүнүктүү эле. Бирок баары бир ал эмне болгон жүк эле?

Эске сала  кетели, Текебаевдин адвокаттары түп нускасын Түркиянын КРдагы элчиси расмий түрдө жокко чыгарган жасалма документти көтөрө чаап жүрүшкөн. Анын жасалма экени ошондо эле билинген – эптеп-септеп түркчө жазылып, жасалма экенин көрсөткөн башка да белгилери бар болчу. Бирок аткезчилик менен алып келинген буюмдар деги бар беле?

Алдын ала эки эскертүүнү айта кетели. Биринчиден, учак аткезчилик буюмдарын алып келе жатканбы, жокпу, анын авиакыйроо фактысына түк тиешеси жок. Анда эмне болгон күндө да учкучтардын кемчилигинен улам ал кыйроого учурамак. Бирок “кутумдун” жактоочулары эмнегедир бул туурасында унчугушпайт. Атамбаевдин атын эптеп ишара менен болсо да кыйроонун өзү менен байланыштырууга аракет жасашууда. 

Экинчиден, дүйнөдө конгону келаткан бир да учакта “аткезчилик буюмдары” болушу мүмкүн эмес, анткени ал учак жерге конуп, андагы жүк текшертпей туруп (же бузуулар менен текшерип) аэропорттон алып чыгып кеткен учурда гана аткезчилик болот. Бирок жерге конгонго чейин бир да жүк аткезчилик деп аталбайт! Андыктан бул жерде жүктүн ээлеринде аны Кыргызстанга аткезчилик жолу менен алып кирүү пландары болгонбу деп суроо коюу туурадыр.

Мындай кептер алиге чейин авиа ташууларды бажы аркылуу каттоонун өзгөчөлүгүн таптакыр түшүнбөгөн адамдар тарабынан айтылып келет. Тийиштүү суроо-талап жөнөткөн ЖКнын депутаты Дастан Бекешовдун көмөгү менен аталган рейстеги жүктү түшүрүүнүн декларациясы жана кыйроону тергөө менен байланышкан айрым башка материалдар биздин редакциянын карамагына келип түштү.

Аларда эмнелер айтылган? Биринчиден, жүктүн түрү ар кандай. Учакта уюлдук телефондордон тышкары да көптөгөн башка буюмдар болгон, аялдардын халаты менен моюн орогучтарынан тартып, парфюмерия жана идиш-аяк жуугуч поролон губкаларга чейин буюмдар болгон. Ошондуктан жүк ондогон ар кандай контейнерлерге салынган (мындан тышкары, учакта контейнерге салынбаган жүктүн 70 бирдиги да болгон). Андыктан “жүк кимдики?” деген суроонун мааниси жок. Мында жүктү ала турган жүктүн ээлери ондогон фирмалар экени түшүнүктүү. Андыктан алардын баарын тактоо кыйынга турат (эгерде бул зарыл болсо).

Ошондой эле компьютерлердин тергичтерин же байпактарды, аялдардын булгаары мээлейлерин жана белдиктерин аткезчилик катары аэоропорттон алып чыгып кеткенге эч ким аракет да кылмак эмес, анткени алардын куну ага тете эмес, тобокелчилик өзүн актабайт деле. Контрабандисттер кызыккан учактагы бирден бир буюм уюлдук телефондор жана жүктүн айрым бөлүгү болушу ыктымал эле. Бирок бул канчалык реалдуу?

Жүктөө декларациясында, биринчиден, багыт так жазылган (жогору жактагы сол бурчту кара): Гонконг –Фрунзе-Стамбул деп турат. Мындайча айтканда, учак бул багыттан башка жакка бурулуп кетүүсү мүмкүн эмес (кандайдыр бир чукул кырдаал келип чыкпаса) эле. 

“Кутум теориясынын” тарапташтары учак жүгүн Бишкекте бошотуп, Стамбулга кетмек эмес деген божомолду айтышат. Мындай болушу мүмкүн эмес, ал кандай болгон күндө да Түркияга кетмек, бирок бош кетмекпи? Документтин сол тараптагы четки тилкесинде  airway bill номери, башкача айтканда, жүктү ташып жеткирүүнун квитанциясы турат. Аны ар бир жөнөтүү сайын каттап турушат. Бешинчи тилкеде (dest) – жүк бара турган пункт көрсөтүлгөн, б.а. бардык жүк бир гана жерге — IST (Истамбул, Түркияга) барат деп турат. Бул эмнени билдирет?

Ар бир квитанцияда жүк бара турган жер, анын алуучусу жана жүктүн салмагы көрсөтүлөт. Мындай квитанция – 41 даана! Мындан улам жүктү кабыл алуучулар кырктан кем эмес деген бүтүм чыгарса болот. Айрым учурда бир эле жүк алуучу бир канча airway bill толтурушу мүмкүн, бирок мындай учур жүктү терминалга алып келип аны учакка ар кандай мезгилде жүктөгөндө гана болушу ыктымал, бирок мындай сейрек учурайт. 

Мындан тышкары, эгерде акыркы пункт катары башынан эле Стамбул көрсөтүлгөн болсо, аны жолдон бир жерден чыгарып кетүүгө мүмкүн эмес, анткени акыркы пунктка келгенде ташуучу Түркиядагы терминал алдында жүктүн кайда кеткени туурасында отчет берүүгө милдеттүү. Анткени накладнойдо көрсөтүлгөн салмак өзгөрбөйт да. Эгерде салмак реалдуу салмак менен дал келишпесе, анда жүк ташуучуда түрк бажысы менен чоң көйгөй жаралат.

Это изображение имеет пустой атрибут alt; его имя файла - image-7-746x1024.png

Сиз балким, анда аткезчилик схемаларын кантесиңер деген суроо салууңуз мүмкүн. Андай “Манас” аэропортунда болушу мүмкүнбү? Эмне үчүн болбосун. Бирок алар болгон күндө деле таптакыр башкача иштейт. Аткезчилик жол менен буюм алып келүү үчүн аны сөзсүз түн ичинде кимдир бирөөлөр аэропорттун тосмосунан ыргытканынын зарылдыгы жок.

Баса, белгилей кетели, “Манастагы” бажы кызматы менен терминал – бул таптакыр эки башка, өз ара эч бир байланышпаган уюмдар. Шарттуу алганда, эгерде жүктү терминалдын тешигинен ташып чыгара турган болсо, анда булардын экөө менен тең жең ичинен сүйлөшүүгө туура келет, анын чыгашасы да ошончолук арбын болот (анүстүнө “Манаста” УКМКнын кызматкерлери да нөөмөт өтөшөт, аларды да сатып алууга туура келет).

Это изображение имеет пустой атрибут alt; его имя файла - image-2-746x1024.png

Түйшүктү башка үйбөө үчүн анда эмне кылуу керек? Бажыдан “туура” өткөрүү керек.  Мында бир нече жакшы өздөштүрүлгөн ыкмалар бар – мисалы, Т6 формасы (бул боюнча жүктү жекече буюм катары каттаттуу керек, мындан салык алынбайт жана товарды мындай жол менен тонналап өткөрүп кетсе болот) деген бар, же андан көрө товардын баарын “бир сортко” келтирип “декларациялаштырса” да болот, мисалы, баарын байпак деп, эң төмөнкү нарк менен бажыдан өткөрүп, иш жүзүндө болсо, плазмалуу телевизорлорду же уюлдук телефондорду алып өтүп кетсе болот. Бажы кызматынын ардагерлери мындай ыкмалардын далайын билишет.

Бирок буларды колдонуу үчүн бир шартты сактоо зарыл – накладнойдо жүк Бишкекке гана уча тургандыгы көрсөтүлүүгө тийиш. Эгерде биз карап жаткан учурда жүк Стамбулдагы бажыдан гана өтүүгө тийиш болсо, анда МБКнын Кыргызстандагы бир да кызматкери ага жакын жолой албайт.


Башкача айтканда, аткезчилик деген версия бул учурда иштебейт. Баса, кептин удулу келгенде айта кетели, аэропорттордогу бажы көзөмөлү, ар бир чоң машинени тыкыр текшерүүгө мүмкүн болбогон бийик тоолуу бажы пункттарына караганда түшүнүктүү себептерден улам кыйла катаал. Ошондуктан кимдир бирөөлөр Кыргызстанга телефондорду аткезчилик жол менен ташып келсе, анда аларды учак менен, анан да “Манас” аэропорту аркылуу да ташып келмек эмес. 

Это изображение имеет пустой атрибут alt; его имя файла - image-8-746x1024.png
Это изображение имеет пустой атрибут alt; его имя файла - image-9-746x1024.png

КР ИИМ ККББнын маалыматы боюнча (документ Д. Бекешовго берилген жоопко тиркелген) бардык жүк Кыргызстандан сырткары жайгашкан аймактарга жөнөтүлгөн, болгону бир гана нерсе — салмагы 1902 кг. келген контейнерди Стамбулга жеткирип, анан аны кайра башка рейс менен кезектеги бажыдан өткөрүү үчүн КРгакайтарышмак. Андыктан телефондорду жашыруун алып келип Бишкекке түшүргөн деген вариант – бул маселеде таптакыр эч нерсени түшүнбөгөндөргө арналып чыгарылган жомок…
Учурда прокуратура Дача-Су боюнча кылмыш ишин жандантты. Кайсы берене менен экени түшүнүксүз, издегени эмне, ачык эмес.  Кыязы, бул тергөө кызматкерлеринин өзүлөрүнө да түшүнүксүз. Бирок “көрсөтмө” болдубу – демек, бирдеме тапканга аракет кылышат. Айтор, жок кара мышыкты караңгы бөлмөдөн издегендей эле кеп.  



«Ачык саясат плюс»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here