Домой Саясат / Политика Бийлик бүгүн ойлонбосо эртең кеч болуп калат

Бийлик бүгүн ойлонбосо эртең кеч болуп калат

121

Элдик штабдын билдирүүсү!

Кыргызстанда соңку бир жылда бийлик мыйзамды тебелеп-тепсеп өз билгенин жасап келди. Бүгүнкү бийликтин буйругу менен  Жогорку Кеңештин чыгарган чечими  буга анык далил болду. Жогорку Кеңеш укуктук талаадан чыгып кетти. Бирок биз элдик штабдын мүчөлөрү өлкөдө  бийликтин  башаламандыкты, мыйзамсыздыкты мындан ары да түбөлүк орнотушуна жол бербейбиз! Кеп экс-президент Алмазбек Атамбаевде эмес, кеп учурда Кыргызстанда болуп жаткан мыйзамсыздыкта! Президент жана анын командасы Жогорку Кеңешти коркутуп мыйзамсыз буйрук бергендиги үчүн жана ошол мыйзамсыз буйрукту аткарган депутаттар эртели кеч жооп бересиңер! Элдик штаб президент Сооронбай Жээнбеков жана бүгүнкү Жогорку Кеңеш Кыргызстандын өнүгүшү үчүн маселелерди чечпешине көзүбүз жетти!

Бийлик бүгүн ойлонбосо эртең кеч болуп калат. Ошондуктан биз өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдон  жана Жогорку Кеңештен төмөнкүлөрдү талап кылабыз:

1.Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңешке  түздөн-түз буйрук бергенди токтотсун.

2.Президент күч структураларына, сотторго мыйзамсыз буйрук берип, кландык мафиялык режимди күчтөндүрүү үчүн,  бир үй-бүлөнүн эмес, элдин кызыкчылыгын коргогон адамдарды куугунтуктап, аларга каршы колдонбосун.

3.Президент Жээнбеков, көмүскө кардиналдардын – Раим миллион, иниси Асылбек Жээнбеков, кудалары, бажалары мамлекеттик башкарууга кийлигишүүсүнө бөгөт койсун.

4.Сооронбай Жээнбеков! Өлкөнүн бүтүндүгү, элдин биримдиги, Кыргызстандын стабилдүүлүгү өлкө башчы катары Сиздин мойнуңузда! Ушуну унутпаңыз!

5.Депутаттар чимкириктей болбогула! Силер Жогорку Кеңештин улуу трибунасын курал катары колдонуп, булгабагыла!

6.Жогорку  Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева! Сен, элди  бөлүп-жарып, түндүк-түштүк маселесин козуткандыгың  үчүн  депутаттык мандатыңды  тапшыр!

7.Депутат Иса Өмүркулов  элдин аброюна шек келтирип, өз мекендештерин, жердештерин   “Жугунду ичкендер” – деп мазактап, намысын тебелегени  үчүн жоопко тартылсын!

8.Саясий куугунтукка кабылып, мыйзамсыз абакта жаткан саясий  туткундар токтоосуз бошотулсун!

Эгерде жогорудагы талаптар тез арада аткарылбаса бийликтин алмашышын талап кылабыз! Бизди мындай жолго азыркы бийликтин  кландык-мафиялык башкаруусу түртүп жатат. Бүгүн бийлик жараткан баш аламан кырдаалдан чыгуу учун, элдик штаб катардагы жарандар, коомдук жана саясий күчтөр менен сүйлөшүүлөргө барат. 

Бийликтин булагы эл. Биз Кыргызстандын урашына эч качан жол бербейбиз! Биз биримдикте гана мамлекетибизди туруктуу өнүгүү жолуна салабыз!

2019-жыл, 27-июнь. Кой-Таш айылы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here