Домой Коом / Общество Белорус сүтү кыргыз сүтүн иритти

Белорус сүтү кыргыз сүтүн иритти

243
Plain yoghurt --- Image by © Lawton/photocuisine/Corbis

Евразия экономикалык шериктештигине адыраңдап кирип алдык. Атаандаштыктын мыйзамы ушундай экен- сенин сүтүңдүн майы сыртында саргайып көрүнүп турса да, көк жашыл болуп шылдыраган белорустун сүтү өтүмдүү болуп, биздин базардан өз сүтүбүздү сүрүп чыгарып баратат. Мунун себептери – белорустар уйдун көп сүт берчү породасын багат, жайытта эмес, колго байлап асырашат жана сүттү кайра иштетүүнүн заманбап технологиясын колдонушат. Коррупциядан колу бошобогон кыргыз бийлиги сүт өндүрүүнү өнөр жайлык негизге коюуну мындай коюңуз – мамлекеттик делген сүт заводдоруна айыл аралап элден сүт кабыл алууга чамасы жетпейт. Жетишпеген эл породалуу 2-3 уйду сылап-сыйпап колго бакмак кайда, ач-токко көнгөн, бадага кошула турган кыргыздын эчкидей сүт берчү уюн бакканга аргасыз. Анан акча болот деп сүттү да бала-чакчага эркин ичирбей сатууга мажбур. Ошентип бүгүн сүтүбүз сүрүлүп чыгарылса, эртең эң чүйгүн делген этибиз же паштет, же тушенка, же колбаса болуп чыгарылбаса. Же аны колун кол, санын сан кылып жиликтеп Астана, Москва, Минскиге барып, бети-колубузду майланыштырып саталбасак. Мусулман өлкөлөрүнө ыракмат – уй, койлорубуздун этин бүкүлү алабыз деп жатышат. Жегенин жеп, артканын кайра иштетип, өзүбүздүн эт деп дүйнөлүк сатыкка чыгарышат да, төө буурчакка окшоп. Экономика министрлигибиз болсо, “сүт экспорту менен импортунун абалы ойдогудай, базарлардагы сүт азыктарынын 70-80% өзүбүздүкү” деп бир жыл мурдагы маалыматтарды айтып, мурдуларын балта кеспейт. Кыргызстан кайсы тармактан өнүгө турганыбыз белгисиз.

Булак: «Ачык саясат плюс»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here