Домой Коом / Общество Атамбаевди шыбагандар кызмат алууда

Атамбаевди шыбагандар кызмат алууда

530

Бир жарым жыл бою экс-президент Алмазбек Атамбаевди шыбап жүргөн коомдук активист Эдил Байсалов бийликтен кызмат алып, Англияга элчи болуп кетти. Акыркы бир жылда ким Атамбаевди жамандап жазса же сүйлөсө ошол адам кызматка дайындала турган болуп калды. Буга чейин Алмазбек Акматалиев Президенттин алдындагы башкаруу академиясына ректор болуп барса, көптөн бери экс-президентке тиш кайрап жүргөн Эмилбек Каптагаев уулу Кубанычка кызмат алып, Чолпон-Атадагы №2 мамлекеттик резиденциянын директорунун орунбасары кылды. Жакын арада директордун өзү болуп калышы да ыктымал. Социалдык тармактарда, “ким кызматка баргысы келсе, Атамбаевди жамандагыла” деген мыскыл сөздөр айтыла баштады…

Булак: «Ачык саясат плюс»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here