Домой Саясат / Политика Атамбаевди камакка алуу кайыкты оодарып жибереби?

Атамбаевди камакка алуу кайыкты оодарып жибереби?

596

Саясат айдыңында

Жогорку Кеңештин депутаттары экс-президент Атамбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну активдүү түрдө талап кыла башташты. Азыркы чакырылыштагы парламенттин жогорку даражадагы башкарылмалуулугун жана депутаттардын күтүлбөгөн жерден ойгоно калган ачуусун эске алганда (Атамбаев акыркы митингде жаңы деле эч нерсени айткан эмес), бул алардын өзүлөрүнүн демилгеси эмес экени түшүнүктүү.  Көрсөтмө эң жогору жактан болгону анык. Бирок экс-президентти камакка алуу эмнеге алып келиши мүмкүн? Бул коомдук туруктуулуктун кайыгын көңтөрүп жибериши мүмкүн.

Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы аёосуз тирешүүнүн бир жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Жээнбеков саясый майданда экс-президентти ута албасына көзү жетти окшойт. Маселен, шахмат ойноп утулган киши атаандашын, жок дегенде, шахматтын кутусу менен чаап жиберип болсо да жеңдим деши ыктымал эмеспи. Бирок орой күчтү колдонуунун кесепеттери кандай болоор экен? Андан тышкары, анын камакка алынган мурдакы тарапташтарынын бири да Атамбаевге каршы көрсөтмө беришкен жок. Башкача айтканда, Атамбаевди камакка алуунун укуктук негизи абдан эле борпоң болуп турат.

Мейли, С. Жээнбековду тышкы өнөктөштөрдүн пикири кызыктырбай эле койсун дейли, аларды тоготпой койсо деле болот. Ошенткен менен Россиянын президенти Владимир Путин учурдагы президент менен кошо Атамбаевди да жаңы жыл менен ачык эле куттуктап, бул кадамы менен ага мындай сот процессинин Кыргызстанда кереги жок экенин даана билдирди. Путиндин өзүнүн да бийликти өткөрүп бере турган маалы алыс эмес, андыктан ал КМШнын кайсы бир жеринде мураскер өзүн бийликке жеткирген мурдакы президентти камаганын каалабаса керек. Кайталап коёлу,бул Жээнбеков үчүн эч кандай роль деле ойнобошу мүмкүн. Бирок ал эске албай койбой турган ички жагдайлар бар.

Албетте, экс-президенттин тарапташтарынын көчөдөгү митингдерин күч менен басып койсо болот. Андан арычы? Бурамаларды катыра буроо менен Кыргызстанды репрессивдүү режими бар Түркмөнстанга айлантуу жолу менен кетиш керекпи? Бирок бул жерде салттар башка да, менталитет таптакыр башка эмеспи.

Кайсы бир конкреттүү партиялардын жана саясатчылардын экске карата дооматтарынан улам ал камакка алынган күндө деле, коомдук пикир оппозиция тарапка оойт. Негизи бул, демейде куугунтукка алынгандарга карата боор оору сезиминен улам болот. Башкысы, элдин баары Жээнбековдун кезектеги логикалык, алтургай, аргасыз кадамы – бул конституцияны өзүнө карап өзгөртүп, Кыргызстанды «түркмөндөштүрүүгө» бет алганын түшүнөт.  

Жээнбеков бийлиги алмашкандан кийинки жоопкерчиликтен өз коопсуздугун камсыздашы керек. Демек, бир мөөнөттөн кийин кетүүгө болбосо, анда баш мыйзамды өзгөртүүгө туура келет. Бирок мындай келечек көптөрдү коркунучка салып, активдүү каршылык көрсөтүүгө түртүшү мүмкүн.

Бирөөлөргө жагабы, жокпу, бирок акыркы жыл ичинде КРдагы жападан жалгыз иш-аракет жүргүзгөн оппозиция Атамбаев жана анын тарапташтары болушту.  Калган саясатчылар ооздоруна суу ууртап алгансып, унчукпай келатышат. Атамбаевдин мындай ишмердүүлүгү бийликти көптөгөн ойлонулбаган кадамдарга баруудан ооздуктап келди, мунун ичинде кадр саясаты да бар. Тең салмактуулук жоголгондо бийлик ооздугун коё берет, мындан күдүктөнбөй койсо деле болот. Муну албетте, коомчулук байкайт жана тийиштүү жыйынтык чыгарат.

Экономикалык көрсөткүчтөр нөлгө түшүп, реформалар ордунан жылбай, көзөмөлдөн чыгып кеткен күч түзүмдөрү Кыргызстандагы таанымал адамдарды эч бир себепсиз колго тийгенин четинен камап турганда, Сооронбай Жээнбеков саясый ваакумда кала берет. Парламентти эсепке албай деле койсо болот, анткени омурткасы жок депутаттар кайсы учурда болбосун, азыркы президенттин өзүн да ага чейинки иштеп кеткен президентти саткандай, опоңой эле сатып кетишет.Уюшулган саясый оппозицияны президент камакка алуулар менен басып салышы мүмкүн. Бирок, тажрыйба көрсөткөндөй, Кыргызстанда элдин толкуну абдан коркунучтуу болушу ыктымал. Атамбаевдин «көйгөйү» күч менен чечиле турган болсо, Сооронбай Жээнбеков ансыз да араң турган коомдук туруктуулуктун жана тынчылыктын кайыгын оодарып жибериши мүмкүн. Алтургай, жарандык согушка да бир кадам жасайт. Бул үчүн ал өлкөдөгү туруктуулуктун кепили катары толугу менен тарых алдында да, мүмкүн, мыйзам алдында да жоопкерчилик тартат.

Oper.kg

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here