Домой Саясат / Политика Атамбаевди камай алышпайт. Ага негиз да жок, бийликтин духу да жетпейт!

Атамбаевди камай алышпайт. Ага негиз да жок, бийликтин духу да жетпейт!

1061

Кундуз Жолдубаева, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси:

-Кундуз айым, 8-июнда “Форумда” өткөн митингде Алмаз Атамбаев бийликке карата бир топ айыптоолорун айтып, элди ойгонууга чакырды. Өлкөдө абал оң жагына өзгөрбөсө, “Сооронбай, кет!” деп чыга турганын билдирди. Мага бул көрүнүш 2010-жылдагы Бакиев бийлигине каршы аттангандагыдай, төңкөрүшкө даярдангандай сезилип атат… Кандай дейсиз, тарых кайталанабы?

— Аслан мырза, ошол 2009-жылдагы кырдаалды, ошондогу элдин маанайын Сиз жакшы билсеңиз керек, саясатта, болгондо да, оппозициянын катарында жүрдүӊүз дегендей. Эгер, Сизде ушундай ойлор пайда болуп жатса, анда балким, бийлик чынында эле ойлоно турчу кырдаал түзүлгөндүр… Мен Сиз менен болгон буга чейинки маектеримде да революцияны бийлик өзү кылат деп айтып келгем. Бийлик элди ошол кырдаалга өзү жеткирет дегем. Ал эми биздиниш-аракеттерибиз мыйзам чегинде гана болот. Митингде кабыл алынган резолюцияда жүйөөлүү талаптар гана айтылды. Чындыгында, коомчулук күбө болуп жатпайбы, укук коргоо органдары өзүнүн ишинде аша чаап кетип жатат. Адамдын укугу деген түшүнүктү жокко чыгарып салгандай эле кырдаал жаралды. Бул абдан кооптуу жагдай. Минтип отурсак, эртеӊ мамлекетибиздин бүтүндүгүнө доо кетип, кайра кайткыс чекке бат эле жетип калышыбыз мүмкүн. Бул Кыргызстанды жоготуп алуу коркунучу. Албетте, айрымдарга «Форумда»экс-президент тарабынан айтылган сын пикирлер жеке таарыныч катары көрүнүп жатса керек, бирок учурда«Форум» гана бийликке ачуу чындыкты бетке айтып, саясий күрөштү жүргүзүп жатат. Келиӊиз, элестетип көрөлүчү, эртеӊ өлкөдө оппозиция жок болсо, анда Кыргызстанды кандай тагдыр күтүп турат? Өлкөдө тең салмактуулукту сактап туруу үчүн оппозиция сөзсүз керек. Бийлик элдин үнүнтаптакыр укпай, тоготпой калган күн келсе, анда Кыргызстанды демократиялуу, эркин мамлекет деп атоого абдан эле кыйын болуп калат.

-Эгерде Атамбаев камакка алынса, кандай кадамдарга барасыздар? Азырынча бийлик тарабынан ушундай аракеттер көрүлүп атканын байкап атабыз да…

— Атамбаевди камай алышпайт. Ага негиз да жок, бийликтин духу да жетпейт. Эгерде, бийлик андай радикалдуу кадамдарга бара турган болсо, өзү кыйроого учурай турган күндү жакындатат. Бул орусча айтканда, “начало конца” деген болот. Албетте, бизге жеткен маалыматтарга караганда, президенттин айланасындагы айрым топтор ажону ушундай жол менен кетүүгө үндөп жатышат. Ошол эле учурда, башка бир топтор мындай кадамдардынкесепетибийликтин өзү үчүн жаман болоорун айтышууда. Атамбаев жөн-жай жүргөнкатардагы адам эмес, экс-президент деген макамы бар. Жакшыбы, жаманбы, ал өлкөнү алты жыл башкарып берди, буга чейин бир да президент кылбаган ири долбоолорду ишке ашырды, өлкөгө колунан келишинче иштеп берди. Анан эле а киши айткандай,алып барып камап койгудай биз колхоздун койлору эмеспиз да. Ошондуктан, бийлик экс-президент менен тирешүүнү токтотуп, кылып жаткан ишинен, барып жаткан кадамдарынанжыйынтык чыгарышы керек.

-Сиз баштаган медиа чабуулчулар бийликти маалыматтык согуштан утуп атканын эксперттер айтышууда. Бул дагы чек болбосо керек? Дагы кандай компроматтарды чыгарасыздар?..

— Биздин таянганыбыз компромат эмес, чындык, ал кайсы тарапта болсо, утуш да ошол жакта. Экинчиден, компроматты чыгарчу биз эмес. Компроматтар Ак үйдүн өзүнөн чыгып кетип жатат десек туура болот го… Президенттин айланасында мен жогоруда айтып өткөн ар кыл топтор, бозмолтой кардиналдар бар. Тымызын кармашуу мына ошолордун ортосунда болуп жаткандай таасир калтырат. «Бир ок менен эки коёнду атып алуу» тактикасын колдонууга аракет кылып жатышат. Мисалы, «Азаттыктын»Матраимовдордун байлыгы боюнча чуулгандуу акыркы иликтөөсүн да «Форумга», тагыраак айтканда, жеке мага жабыштырышты. Банктык которуулар туурасындагы маалыматты атайын кызматтар же органдар гана бербесе, ал «Форумдун», же менин колумдан келе турган иш эмес.

-КСДПнын мындан аркы тагдыры кандай болчудай? Коомчулук муну азырынча түшүнбөй турат. Эки КСДП иш-аракеттерин улантууда. Кайсы тарабы мыйзамдуу? Саясый талаада юридикалык жагынан такташууларга чекит коюлабы?

— 7-июнь күнү Биринчи май райондук сотунун судьясы К Исаеванынберген аныктамасында Сагын Абдрахмановду мыйзамдуу шайланган КСДПнын төрагасы деп жазылып жүрөт. Муну кандайча түшүнсө болот? Судья мындай аныктаманыэмненин негизинде берип жатат? Же соттук териштирүү болбосо, документтер, мөөр баары бизде турса. Демек, судьянын Сагынды мыйзамдуу шайланган деп таанып жатышы – ал жогору жактан түшкөн буйрукту аткарып жатат деп түшүнүү керек. Биздин партия атайын тартип комиссиясына кайрылат. Исаеванын мыйзамсыз иш-аракеттерине баа берилип, сөзсүз чара көрүлүшү керек. Бир сөз менен айтканда, КСДПны саясый рейдерлик жолу менен тартып алууга бийликтин бардык бутактары кол кабыш кылып жатат. Бирок аларга эртедир-кечтир мыйзамды таман астына тепсегендери, саясий “буюртманы” аткаргандагы үчүн жооп берүүгө туура келет.  Анткени алар бир адамга же бир ууч топко эмес, элге, коомго кызмат кылуу үчүн коюлганын эстерине сала кетким келет.

-Атамбаевди сатпагандар камалып, айрымдары суракка алынып келатат. Сизди да чукулап, кысымга алгандар болуп атабы?

— Мага карата психологиялык басым деп коюшат эмеспи, ошондой аракеттер болуп жатат. Аӊдууларды атайлап “сенин ар бир кадамыӊ бизге белгилүү” деген мааниде жасап жатышканын билип эле турам. Жадагалса,мен туулупөскөн Ак-Талаа районунун Баетов айылына чейин барып, маалымат чогултуп келишиптир. Аны мага өздүк булактар айтышты. Жакында эле шантаж кылып,туугандарды да ортого салып көрүштү. Бул албетте туура эмес, «саксактап кайтарып» жүргөндөргө менин айтаарым бул: өзүңөрдүн ыплас оюндарыӊарга менин жакындарымды, тууган, дос, жоро-жолдошторумду аралаштырбагыла!Алар менен болгон ортодогу мамилени бузбагыла. Мындай аракеттер менин позициямды өзгөрткөнгө баары бир таасирин тийгизе албайт. Менинболгон турган кыялым ушундай – бир айтсам, андан артка кайтпайм.

Жаш саясаятчы катары менин так миссиям бар – бул Кыргызстанда системанын реформасын ишке ашыруу. Чириген системаны ким түп-тамырынан өзгөртө алат? Муну ошол системанын «жыргалын татып», үзүрүн көрбөгөн жаӊы муунгана ишке ашыра алат. Ошондуктан алдыга койгон максатка умтулган жолдо мен учурда оппозициянын катарында такшалып жатам десем болот.

Аслан Сартбаев

“Азия ньюс”

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here