Домой Коом / Общество «Ала-Арча” жаратылыш паркы мамлекеттики

«Ала-Арча” жаратылыш паркы мамлекеттики

115

“Ала-Арча” жаратылыш паркы Кыргыз Республикасынын Президентинин жана өкмөтүнүн алдындагы Иш башкармалыгына тиешелүү. Айрым массалык маалымат каражаттары жазып жаткандай ал жер ээн жайкын жайлоо эмес, мамлекеттик макамы бар, Иш башкармалыктын көзөмөлүндөгү чарбалык мекеме. Ал жерге эс алууга баргандар төлөй турган кирүү акысы антимонополдук кызмат тарабынан бекитилип, ар бир төлөнгөн сумма мамлекеттин тыкыр көз кырында. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Афган согушуна катышуучулар жана майыптыгы бар жарандар бекер кирет. «Өлкөнү санариптештирүү» программасы боюнча жана Иш башкармалыктын жетекчисинин талабы менен парктын босогосуна электрондук турникет коюлуп, мындан ары ар бир кирген жаран атайын көзөмөлдөн өтөт. Ал эми айрым интернет басылмалар жарыялаган маалыматтар чындыкка дал келбейт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here