Домой Укук / Право Акыйкат издеген папандыктар өздөрүн өрттөгөнгө даяр…

Акыйкат издеген папандыктар өздөрүн өрттөгөнгө даяр…

581

Мыйзам буйлаланган төөбү?

Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Папан айылынын тургундары борборго  Жогорку сотко келишкен. Алар өздөрүнүн энчисине тиешелүү мыйзамдуу жер тилкелерине ээ боло алышпай, Бакиев заманынан бери кор болуп келишет. Алар Папан айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ысмаилов  Эрмаматтын үстүнөн арыз жазып, эки жылдан бери соттошуп келишет. 12-июнда акыйкат издеп келген айыл тургундарынын ыйын укпай,  Жогорку сот ишти 26-июнга жылдырды. Жолдун алыстыгын, жол киренин кымбаттыгын эске албай, каалагандай элди калчаган соттордун адамдын убалынан коркпогону жүрөктү оорутат.

Гүлжамал Казиева: “Өзүн 10-бөлүмдүн кызматкери деп тааныштырып, “сот отуруму кийинки жумага жылдырылды, убара болбой жолго чыгыңыздар” — деп менин сөзүмдү укпастан трубканы коюп койду”

-Папан айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ысмаилов Эрмаматтын үстүнөн арыз жазып сотко кайрылганбыз. Район менен  областтык соттон  утулдук. Эми Жогорку сотко кайрылганбыз. Булардын болгон жерде көздөрү, кулактары бар. 11-июнь күнү Оштон борборго жолго чыктык. Дароо артыбыздан бир машине түштү. Майда көчөлөргө аралап качып жөнөдүк. Бир маалда жолубуздан тосуп чыгып,  “шаарга барбай эле койгула, баары бир сот силердин ишиңерди карабайт” — деп бизге кысым көрсөтүп, коркута баштады. Биз артка кайткан жокпуз. Эртеси күнү телефонума тынбай белгисиз номур чалганынан алсам, өзүн 10-бөлүмдүн кызматкери деп тааныштырып, “сот отуруму кийинки жумага жылдырылды, убара болбой жолго чыгыңыздар” — деп менин сөзүмдү укпастан трубканы коюп койду. Бүгүнкү күндө биздин өмүрүбүз коркунучта. Биздин  тилибизди эле эмес, өмүрүбүздү да кесип коюшу мүмкүн. Баарын күтүүгө болот.

Ошентип, ошол түнү бара турган жерибиз жок эркектерибиз мечитте, биз машинеде түнөдүк. Таң эрте Жогорку соттун алдына келсек, сот отурумун түшкү саат 14:00 жылдырып койду. Анысына да көндүк. Үчкө жакын сот залына киргизип, 26-июнга жылдырылганын айтышты. Булар эмне карапайым эл менен эсептешпейби?! Ачуум менен сыртка чыгып, Ак үйдүн алдына барып  өзүмө бензин чачып өрттөйүң дедим. Сыртка чыксам бир милиция кызматкери “Ак үй жакка басканга болбойт, ШКУнун саммити өтүп жатат” дейт. Жок, мен барып өзүмдү өзүм өрттөйм — деп ызама чыдабай ыйладым. Жыйырма чакты милиция кызматкери келип, жолду тосуп туруп алышты. Ыйлап, ыйлап кала бердик.

Oper.kg

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here