Домой Саясат / Политика Улан Сырдыбаев таластык талапкерлерге каршы согуш ачтыбы?

Улан Сырдыбаев таластык талапкерлерге каршы согуш ачтыбы?

Матраимовдордун “Мекеним Кыргызстан” партиясынан Талас областы боюнча шайлоого аттанып жаткан талапкер Улан Сырдыбаев, “Таластыктардын баарысынын добуштарын мен алышым керек” деген принципти карманып, башка, “Биримдик”, “Кыргызстан”, “Ата-Мекен” партияларынан чыккан талапкерлерге каршы маалыматтык согуш жарыялаганы эмнеси? Ошондо, таластык жигиттер – Даир Кенекеев, Дастан Жумабеков, Рыскелди Момбеков, Талас Бегалиев деген тыңчыкмалар, Улан Сырдыбаевдин чаңында эле калышабы? Учурда “Мекеним Кыргызстанды” үгүт кылып жаткандарды жергиликтүү тургундар кууп чыгып жатышыптыр. Намысты баарынан бийик койгон Талас эли, бу сапар да коррупционерлердин, бандиттердин партиясына алданып добуш беришпейт чыгаар. Ал эми Сырдыбаев тууралуу сөз али алдыда…

Oper.kg