Домой Коом / Общество Пандемия менен күрөшүүдө Бороновдун аракети күч болууда

Пандемия менен күрөшүүдө Бороновдун аракети күч болууда

Эң оор кырдаалда өкмөт башчылык милдетти аркалап баштаган Кубатбек Бороновго каршы бир топ сын-пикирлер айтылып, айрым маалымат булактары анын 59 батири бар экенин жазып чыгышкан. 2018-жылы тапшырган декларация боюнча бул кишинин ашыкча мүлктөрү жок болуп чыккан. Ошондой эле кечээ жакында айтылган 59 батири да жок болуп чыкты. Өкмөттүн ишин тарталбайт деген божомолдор да суу кечкен жок. Тескерисинче, Боронов, Абылгазиевге караганда бир топ эле иш билги болуп чыкты. Учурда Бишкекте, Ошто инфекциялык ооруканалардын курулуш иштери аяктап калды. Ысык-Көл, Нарын областындагы ооруканалар ремонттолуп, пандемиянын экинчи толкунуна даярдыктар көрүлүп жатат. Жаман айтпай жакшы жок дейт кыргызда, коронавирус күздө кайталанаарын дүйнөлүк уюмдар эскертип жатканын эске алып, учурда шашылыш даярдыктарды токтотпой көрүү керек. Антпесе, кырдаал курчуса Бороновго эле күч келет эмеспи. Шайлоо деген шарапаттын шылтоосу менен өкмөттүн бир топ мүчөсү кызматтарын таштап, депутаттыкка талапкер болуп аттанып кетишти. Демек бардык жоопкерчилик Бороновдун мойнунда калды. Шайлоону таза өткөрүү да чоң милдет. Ошол себептүү, иш-аракеттерди күчтөө керек.

Oper.kg