Домой Саясат / Политика Алтынбек Сулайманов жаштарды бетине кармап, шайлоого аттанды

Алтынбек Сулайманов жаштарды бетине кармап, шайлоого аттанды

Акжолчу, республикачы, бирболчу депутат — Алтынбек Сулайманов, өлкөдө активист жаштарды бетине кармап парламенттик шайлоого аттанды. “Бир бол” партиясынын штабында Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Марат Бакиевдин кызы Сымбат Маратбектин финансы бөлүмүндө иштеп жатканы эле эмнеден кабар берет? Өзү канча жылдан бери депутат болуп келе жатат, бирок жарытылуу бир мыйзам жазып, карапайым элдин керегине жараган жараган жок. Шайлоого аттанды, тизменин алдындагы 20 чакты жаштарды көрсөтүп койгону менен толук чыгарган жок. “Бир бол” партиясын бийликке оппозиция болот деп жарыялады. Алтынбек Сулаймановдун бийликке оппозиция болуп жатканын сиз элестетип жатасызбы окурман? Ушундай жалган билдирүүлөр менен карапайым калктын башын айландыруунун эмне кереги бар эле? Кайра эле баягылар парламентке келе жатканы өкүндүрөт…

Oper.kg