Домой Аналитика Бизди кечиргиле, аталар, агалар, инилер!..

Бизди кечиргиле, аталар, агалар, инилер!..

Дүйнөдөгү эң каардуу жана кандуу согуштун аяктаганына, мына, 75 жыл болду.

Жаштарыбыз кандай кабыл алды, билбейм, бирок, мага окшоп, согуш убагында төрөлгөн балдар үчүн, чын чынына келгенде, кыйын эле болду.

Ал эми согушка катышып, азыркы күнү акыркы күндөрүн өткөрүп жатышкан бир ууч аксакал-карыяларыбыз үчүн, айтпаса да түшүнүктүү, андан да кыйын болушу керек.

Анткени, азыркы күндүн проблемалары аз келгенсип, эми минтип, жер жүзүн каптаган эпиднмиянын кесепетинен эч нерсе кылалбай үйдө отурабыз. Бул дагы, албетте, адам баласына жиберилген сыноо. Мындай шартта ар ким, ар бир мамлекет өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша аракетин кылып жатат.

Менин айтайын дегеним, жакырчылык же эпидемия болобу, кандай гана кырсыктар келбесин, биз, мамлекет башчысы баш болуп, парламент менен өкмөт төш болуп, өткөн Улуу Жеңишти камсыз кылган мекендештерибизди эскерип, бирин да калтырбай атын атап, куран окуп, тирүүлөрүнүн үйүнө барып, ал-жайын сурап, берчүүбүздү берип, узун өмүр тилеп, түбөлүк карыз экенибизди айтып, таазим кылып кетишибиз керек эле.   

Анте албадык, пандемиядан сактанып. Бирок, жакшылыктын эрте-кечи жок   эмеспи, дагы да болсо үмүт кылып туралы…

Лукашенконун феномени

Ооба, “турмушта эрдиктин дайыма өз орду бар” дегендей, Беларусь элинин лидери Александр Лукашенконун бул жолку эрдиги, ашыкча болбос, бүткүл дүйнө жүзүндөгү адамзатты таң калтырды. 

Ошол кайраттуу адам пандемияга каршы эл катары күрөшүп жатып, кайдан-жайдан каражат таап, элин көтөрүп, эң алдыңкы техникалык деңгээлде жабдылган согуш куралдарын дүйнө жүзүнө көргөзүп, эң жогорку деңгээлде уюштурулган салтанаттуу согуш парадын өткөрүп жатып, айткан сөзүндө: “Пусть они не спешат осуждать нас в излишней бдительности, т.к. заживо сожженные старики, женщины и дети Хатыни не дают нам покоя жить в беспечности. Да, мы победили в той войне. У нас не было другого выбора. Если бы даже и было, то мы поступили бы также!”,-деп катуу эскертти тигилерди. Азамат, Александр Григорьевич, славян элинин кадимки шумкары!

Хатынь трагедиясынан кыскача справка:

Экинчи дүйнөлүк согуштун расмий документтерине кайрылсак:

  1. В Белорусии уничтожено более 9 200 деревень, более чем в 500 из них убиты и сожжены почти все жители, спаслись единицы…
  2. Хатынь – бывшая деревня Логойского района Минской области, которая сожжена немецко-фашистскими карателями в 1943 году вместе со всеми жителями (149 человек, в т.ч. 75 детей).
  3. Скульптура “Непокоренный человек”, где изображен старик Иосиф Иосифович Каминский, единственный  житель деревни Хатынь, оставшийся в живых с сыном убитым на руках (арх. Ю.М.Градов, В.П.Зенкович, Л.М.Левин, скульптор С.И Селиханов. 1970 год).
  4. “…И то сказать, нет сегодня спокойного понимания о жизни человека. Если оно спокойное, значит, человек не понял всей угрозы фашизма…” (из воспоминаний И.И.Каминского).

Мен муну айтып жатканымдын себеби, өзүмдүн кесибиме байланыштуу 1972-жылы Россиядан  Кыргызстанга келгенден кийин  Минск шаарына барып “Минск-32” электрондук машинасын Кыргызстанга алып келүүгө туура келип калды. Үч айдын ичинде ишемби, жекшемби күндөрү бош убактыбыздан пайдаланып Минск шаарынын театр-музейлеринде, Беловежская пуща токоюнда, Нарочь көлүндө, Хатынь мемориалдык комплексинде ж.б. Ата Мекендик согуштун эстеликтери орнотулган парк,  сквер, көчөлөрүндө болгонубуз азыркыга чейин эсимде. Өзгөчө бизге таасир калтырганы, белорус элинин өтө эле жөнөкөй, ачык жана ишенимдүү мамилеси болду. Албетте,  ал убактагы башка совет элдерине, мисалы, Эстония, Украина, Кавказ республикаларына салыштырмалуу, бизге абдан эле жакын бир туугандай боорукер, мээримдүү сезим калтырышты.

Бир чети ошол себептен кийинки Совет доорунун кыйрашы биз гана эмес, көпчүлүк республикалар үчүн да күтүүсүз  жана абдан эле оор трагедия болду. Анткени, 70 жылы бирге жашап, Жарандык жана Улуу Ата Мекендик согуштардын азабын бирге тартып, жаңыдан эл  катарына кошулуп, жашоо-турмушубуз оңоло баштаганда Батыш идеологдорунун чабуулуна туруштук бере албаган кай бир либерал-демократтардын кесепетинен, тактап айтканда, славян элинин “Үч баатыры”- Ельцин, Кравчук, Шушкевич мырзалардын амбициясы күч алып, Совет элинин каршылыгына карабастан,  Беловежье токоюна жашынып алышып, дүйнө жүзүн  дүңгүрөткөн Совет империясын бир күңдүн ичинде кыйратууга алып келишкени, албетте, дагы да болсо өз баасын алат деп ойлойм.

Анын башатында тарыхта кеңири белгилүү орус либерал-демократтары Михаил Горбачев менен Александр Яковлев, “Беловежье токоюнун партизандары” Борис Ельцин – Кравчук – Шушкевич мырзалар, грузин элинин либералы Гамсахурдия жана кыргыздын  демократы Акаев турганы жалпы коомчулукка маалым.

Аларга каршы альтернатива катары, жок дегенде Союздун формасын сактап калуу максатында, Советтик партиялык кызматта көп жыл иштеп, дасыккан чарбачыл партлидерлер — Гейдар Алиев, Ислам Каримов жана Нурсултан Назарбаев мырзалар гана азербайжан, өзбек, казак элдерин колдон чыгарбастан, элин, жерин, кен байлыгын, өнөр-жай жана айыл-чарбасын сактап калууга араң-араң үлгүрүштү.

Айтайын дегеним, ошол “Беловежье партизандарынын” бири – илимпоз-демократ-демагог Шушкевичти (Акаевдин копиясы), азап-тозокту көп көргөн көрөгөч, кеменгер белорус эли: “Бизге канкорлордун демократиясын даңазалаган демагогдун кереги жок” деп бир жыл иштетпей кууп чыгышты. Анын ордуна катардагы партиялык лидер, белгилүү айыл-чарба техникасын куруучу заводдун жетекчиси Александр Лукашенко мырзага ишеним көрсөтүшүп, президенттик шайлоодо көпчүлүк добуш менен бийликке алып келишти.

Ал убакта Борбордук Азияда биринчилерден болуп “Демократия аралчасын” куруп жаткан Акаев мырза: “Шордуу, бечара белорус эли, демократиядан баш тартып, эми минтип, колхоздун башкармасынын диктатурасында калып отурат. Жок, биз демократиянын жолу менен барабыз. Биз экинчи Швейцарияны курабыз!” деп  бир чөң жыйында мактанганы эсимде.

Ооба, тагдырдын тамашасын карасаңыз, андан бери чейрек кылымдан ашык убакыт өтүптүр, бирок бир кезекте колун кезеп мактанган демократ-демагог Акаев кайда жана “диктатор колхоздун башкармасы” Лукашенко кайда? Алар ким менен жана эмне иш кылып жүрүшөт?  Албетте, тарых өз баасын берет.  

Ооба, бирөө туулган жерин бир көргөнгө зар болуп, ошол мекенинин топурагы буюрабы же буюрбайбы деген суроого жооп таба албай, Москва, Берлин кафе-ресторандарында чай ичип, көчөдөгү туристерге интервью берип: “Менин улуу дивергенциядан улуу конвергенцияга чейин” аттуу илимий эмгегимди дүйнөлүк коомчулук Нобель сыйлыгына көрсөтүп жатышат” деп мактанып, колун куушуруп, башын ийкеп, анткор   жылмаюусунан дагы эле жазбай, андан башка акылдуу киши жок экенине ишенип жүргөнү, анын акыл-эси ордундабы деген суроо жаратпай койбойт.

Ал эми ошол эле убакта  либерал-демократ-демагогдордун кесепетинен талап-тоноого учураган элин, өнүккөн экономикалык чарбасын төкпөй-чачпай сактап калган “диктатор”,  экономист-социалист жана жоокер Александр Лукашенко мырза, мындан 75 жыл мурда Улуу Ата Мекендик согушта жеңип чыккан Совет элинин баа жеткис жана көөнөргүс эрдигин  бүткүл дүйнө жүзүнө даңазалап, байыркы түрк элдери менен славян элдеринин биримдиги бекем, туруктуу жана жеңилбес күч экенин дагы бир жолу тастыктап койду.

Бул факт, чындыгынды, кимдин ким экенин даана көрсөтүп турат.

Кыргыздын баатырлары

Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон Совет элинин саны, акыркы маалыматтарга караганда, 27 миллион адамга жеткен. Анын ичинде, албетте, ар бир кыргызстандык үй-бүлөөнүн да ата, агалары бар.

Ошол кандуу согушта эрдик көрсөтүп, Советтер Союзунун баатыры деген наамга 76 эр-азаматтарыбыз татыктуу болгон. 29 жоокер 3 даражага чейин Даңк ордени менен сыйланган.

Аларды кыргызстандыктардын ар бир үй-бүлөөсү абдан жакшы билишет. Алар: панфиловчулар Дүйшөнкул Шопоков, Григорий Шемякин, Григорий Конкин, Николай Ананьев, Иван Москаленко, Григорий Петренко, политрук В.Г. Клочков жана алардын жетекчиси, 316 аткычтар дивизиясынын командири, генерал майор Иван Васильевич Панфилов.

Кыршыз элинин каарман уулу Чолпонбай Түлөбердиев 1942 –жылы 6 августа Дон дарыясынын жээгинде жайгашкан фашистердин дзотун көкүрөгү менен тосуп, Воронеж шаарын бошотууга жол ачкан.

Сталинград фронтунда аткычтар полкунун сержанты, замбирекчи Дайыр Асанов душмандардын 8 танкын, 6 бронемашинасын жана көп аскерлерин жок кылган эрдиги үчүн. Полтрук Калыйнур Усенбеков, пулеметчу А. Оторбаев, Днепр дарыясын форсировать эткен баатырлар А Чортеков, Т. Жумабаев, Х. Гадельшин, М. Тешебаев, Г. Тихонов, Е. Мазков, Г. Пантелеев жана башкалар. Днестр дарыясынын оң жээгин коргоодо замбирекчи Казак Жаркымбаевдин өзгөчө эрдиги, Орша шаарын бошотууда курман болгон 67-чи аткычтар дивизиясынын жоокери Осмон Якубовдун эрдиги, Батыш Двина дарыясын өтүүдө ефрейтор  пулеметчик Жумаш Асаналиевдин эрдиги, душмандардын аэродром, склад-база, темир жол эшелондорун жок кылган  учкуч-штурман кызыбыз Евдокия Пасько айымдын эрдиги, эки жолку баатыр, учкуч-штурман Талгат Бегельдиновдун эрдиги, 232-чи минометчулар полкунун сержанты Мансуз Ванахун жердешибиздин акыркы минасы калганга чейин күрөшүп каза болгон эрдиги үчүн жана Берлинди алгандагы эрдиктери үчүн баатырдык наамга ээ болгон капитан Б. Байбулатов, улуу лейтенант А.С. Суюмбаев, старшина-танкист И. Садыков, гвардиячыл-жоокер А. Исмаилов уулдарыбызды айтсак болот.

Баатырдык наам албаса да Сталинград, Украина, Белорусия, Ленинград фронтторунда баатырларча курман болгон Жусуп Турусбеков, Мукай Элебаев. Ошол эле Панфилов атындагы 8-чи Гвардиялык дивизиянын жоокерлери Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Темиркул Уметалиев жана башка кыраан уулдарыбыздын элин, жерин коргоодо көрсөткөн эрдиктери тууралуу кантип айтпай коюга болот?

PS(Эскерүү): Бул жерде аты аталбай калган баатырларыбыздын жана кан-майданда эл-жери үчүн каза болгон жана аман-эсен кайтып келген жердеш- замандаштарыбыздын үй-бүлөөсүнөн, уул-кыздарынан, небере-чөбүрө жана дос-туугандарынан кечирим сурап, башымды ийип, таазим кылам.

Мурда, кийин каза болгондордун арбактарына арнап: “Жаткан жериңер жайлуу, топурагыңар торко жана ыйманыңар жолдош болсун” демекчимин. Азыркы калган бир ууч ардактуу карыяларыбызга чың ден-соолук, сый-урмат, бакыт-таалай жана үй-бүлөөңүздөр менен бакубат жашооңуздарга тилектеш экенимди билдиремин.

Ооба, юбилейлик Жеңиш күнүнө карата Кыргыз Өкмөтү тарабынан согуш ардагерлеринин ар бирине 75 миң сомдон жөлөк пул тапшырылышы,албетте, жүрөк жылытарлык иш, адамгерчиликтүү мамиле. Анткени ансыз деле бийликке бир келип кеткендердин пенсиясы жана карапайым калкка бир тыйын пайдасы жок депутаттардын, өкмөт мүчөлөрүнун жана административдик башкаруучулардын айлыгы, эң эле аз дегенде, 50 – 100 миңден кем эмес экени белгилүү. Ошондуктан мындан ары да өкмөт тарабынан ар жыл сайын калган ардагерлрибизге Жеңиш күнүнө канча жыл болсо ошончо суммадагы жөлөк пул берип турулушу керек деп ойлойм.

Корутунду ордуна

Бул жерде айтып кете турган дагы бир нерсе: — белорус элинин лидери Лукашенко мырзанын Ата Мекендик согуштун 75-жылдык юбилейин бүткүл дүйнөгө дүңгүрөтүп даңазалаганына кубанган Кытай, Индия жана КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери, анын ичинде биздин кошуналарыбыз дагы — өзбек, казак, тажик, түркмөн элдеринин лидерлери куттуктоо телеграммаларын жиберип жатышса – биздикилер, эмнегедир, укмаксан, көрмөксөн, билмексен болуп коюшту…

Ошол эле убакта, “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” деген кыргыздын нукура баатырдык нускалуу сөзүнө каршы – эски эки достун эрегишкен чырынан пайда болгон кур дооматка эч кандай кызматтык тиешеси жок чырактай болгон жоокерибиздин, албетте, эрдик эмес —  себепсиз курман болушу – эски эки достун мойнунда, абийиринде түбөлүк кала турган маскарапоздук окуя болуп калды.

Бизди кечиргиле, айланайын аталар, агалар жана инилер, кечиргиле!..

Oper.kg