Домой Коом / Общество Дос жоготуу кандай оор экенин билем…

Дос жоготуу кандай оор экенин билем…

Туура эки жыл мурун, ушул күнү,  «Азаттык» үналгысынын кыргыз кызматынын журналисти Улан Эгизбаев Кара-Ой айылындагы «Акун» пансионатына эс алууга барып, сууга чөгүп каза болгон. Бүгүн, анын жакыны,  кесиптеши Токтосун Шамбетов достуктун шертин бузбаган маркум Улан тууралуу эскерүү жазды.

 

22-июль. Улан, сен жок жашап жатканыбызга 2 жыл болду. Эки жылдан бери сен жөнүндө жарым барак эскерүү жазып, сен жөнүндө уюштурулган далай иш-чараларда сүйлөй албадым. Сени эскерүү мен үчүн өтө оор… Студент кезде таанышып дос болуп, кийин ийиндеше иштеп калдык. Үй-бүлөдө сен да, мен да жалгыз эркек бала болгондуктанбы бир туугандай жүрдүк. “Журналистикадан тапкан туугандарым” деп Бакыт экөөңдү айтып калчумун. Бир жолу Кочкорго түн ичинде барып калсам Токтосун аяш ата “үркөрдөй үчөөң экенсиң, бири-бириңе көз сала жүргүлө” деди эле… Ата-энеңдин ошол кездеги санаасын эми түшүнүп отурам. Анча-мынча макалам жакшы чыгып калса “айтылуу Токо” – деп мактап, сындагын келсе дагы тамашалап “какшаңган Токо” деп турчу элең.

Айрыкча акыркы жылы шашып жашадың, мурункудай кажылдашып тамашалашып шаурма жегени барганыбыз азайып калган. Анткени, мамлекетти жалгыз оңдочудай жүрдүң, дайыма жолугуушар, акыйкаттык издеген жүздөгөн адамдардын арыз муңу жаныңды тындырышкан жок. Дайыма колуңда мөөр басылган ак кагаздар, көк-жашыл папке үйүлүп жүрчү эле. “Бул жактан муну жешиптир, тигил жактан тигиндей кымырышыптыр” деп документтерди үңүлө тиктеп отурчу элең…

Ошол каргашалуу күндөн 2-3 күн мурун обедка чогуу бардык. Демейде тамашалашкан жаныбыз ал күнү жүз жыл көрүшпөгөн достордой баарын сүйлөштүк. Улан жашоону аябай сүйчү экен. Ошол күнү алдыдагы бир топ пландарынын сырын ачкан эле…

Жерге берилгенге чейин ишенген жокмун. Кантип эле Улан өлүп калсын деген суроо мээмди ээлеп, ошол күндөрү айланамда эмне болуп атканын сезбей жүрдүм. Көлдөн Бишкекке келгичекти муздаган денеңди кучактап келдим, жаш калбады… Күйүт деген жаман экен. Чок салып алгандай көкүрөгүм ысыганы муздай элек. Бир сапар түшүмө кирипсиң, “Улан ичим эле ысып атат, сен кайтып келсең эле басылчудай” деп коем. Элмирбек Иманалиев кайтыш болуп, артынан досу Зайырбек Ажыматов көз жумду. Достон айрылуу кандай оор экенин билем, жан дүйнөсү сезимтел Зайыр байке көкүрөгүнүн өртөнгөнүнө чыдай албай койду окшойт… Мен аны түшүндүм.

Улан, кудай аман койсо сен жөнүндө далай жазам. Сенин баскан жолуңду жазам. Мен тааныган кыргыздын баатыр уулу Уланбекти жазам… Тынч жат бир боорум.

Oper.kg