Домой Саясат / Политика Жолдошум жалган жалаа менен камалып жатат!

Жолдошум жалган жалаа менен камалып жатат!

Сайкынай Алимбаева, экс-депутат Равшан Жээнбековдун жубайы:

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Кыргызстандын бир катар беделдүү инсандары, коомдук ишмерлер, саясатчылар, интеллигенция өкүлдөрү жана жарандык активисттер менин учурда абакта жаткан жолдошум Равшан Жээнбеков боюнча сиздин дарегиңизге кайрылуу кат жолдошкон. Кайрылуучулар Равшан Жээнбековдун Кой-Таш окуяларында эч кандай мыйзам бузуучулукка барбагандыгы, тергөө органдарынын талаптарын кыйшаюусуз аткарып келатканы, андыктан аны үй камагына чыгарып, ишти калыс тергөөнү суранышкан. Чындыгында, менин жолдошумдун иш-аракеттеринде кылмыштын белгилери болбосо да, аны жасалма жолдор менен камакка алуу – бул кылмыш ишинин саясий өңүттө жүрүп жатканын, Равшан Жээнбековдун бийликке карата айтып келаткан сын-пикирлерин токтотуу аракети катары кабылдоого түрткү берет.

Кайрылуу ушул жылдын июнь айынын башында Ак үйдүн чыгыш тарабындагы кат кутучасына салынып, андан тышкары массалык маалымат каражаттарына да жарыяланган. Коомдук кадыр-барктуу инсандардын, аксакалдардын бул кайрылуусу Сиздин карооңузга кирдиби-жокпу, тиешелүү чечимдер иштелип чыгуудабы – мага азырынча жооп келе элек.

Равшан Жээнбеков кыргыз саясатында дээрлик 20 жылдан бери өзүнүн түз, ачык жана жоопкерчиликтүү позициясынан тайбай келаткан оппозициячыл, демократ саясатчы катары өз өлкөсүнүн мыйзамдарын бузууга эч качан барбашын мезгил талыкпай далилдеп келет. Бул жолу да ал кылмыштуу иш-аракеттерге барган эмес, буга ачык булактардагы фото-видеоматериалдар ачык далил.

Равшан Жээнбеков ар дайым бийликке карата өзүнүн конструктивдүү сын-пикирлерин, иштиктүү сунуштарын ачык-айрым билдирип келген. Ошондуктан, Сизден бул ишти жеке көзөмөлүңүзгө алып, жолдошумдун 7 айдан бери абакта адилетсиз айыптар менен кармалып жатканын түшүнүүгө чакырам жана жооп күтөм.

Сизди урматтоо менен, Салкынай Алимбаева

Oper.kg