Домой Саясат / Политика “Мен Атамбаевди сатпаганым үчүн түрмөдө отурам”

“Мен Атамбаевди сатпаганым үчүн түрмөдө отурам”

Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат:

Мен Кой-Таш окуясы боюнча мага коюлган күнөөлөрдүү толугу менен мойнума албайм! 7-8-августта болгон окуяга, 6 спецназ кызматынын барыматага алынышына, адам өлтүрүүгө жана баш аламандыктын уюштурулушуна эч кандай тиешем жок.

Анткени, 7-августта ошол спецназдар мени сабап, кабыргамды сындырып, чала өлүк кылып, тепкилешкен.
Ал окуяда, менин жарадар болгонумдун баары интернет булактарында айдан ачык эле турат.

Мен жабырлануучу болушум керек эле, бирок, силер болсо мени айыпталуучу кылып салдыңар.

Мындай окуя бир эле Кыргызстанда болсо керек. Мага Кыргызстандагы болгон бардык беренелерди коюпсуңар. Адам өлтүргөндөн баштап, барымтага алуу, башаламандык уюштуруу ж.б. беренелер.

Мага коюлбаган Кыргызстанда эки эле берене калыптыр. Анын бири — кыз зордуктоо, экинчиси- алдамчылык.

Менин силерге айтаарым, Кой- Ташта болгон окуяда Мискенбаев спецназды зордуктады жана автоматын алдап алып, бербей койду деген беренелерди илгиле, ошону менен бардыгы толук болот.

Мен Аллахкка ишенген адаммын, Кудай баарыбызды карап турат.

Силер мени ооруган аялыма карабай, 3 чиедей болгон балдарымды чыркыратып туруп, адилетсиз, саткын бирөөнүн көргөзмөсү менен камадыңар.

Кудай бар, Кудай жазаңарды берсин! Мен кылган күнөөм үчүн түрмөдө отурган жокмун. Мен Атамбаевди сатпаганым үчүн түрмөдө отурам. Мага абийир, ар-намыс өлүмдөн кымбат!

Oper.kg