Домой Коом / Общество Мен айтпасам, ким айтат?

Мен айтпасам, ким айтат?

Александр ЗЕЛИЧЕНКО: «ДҮЙНӨЛҮК НАРКОБАРОНДОР КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖЕМКОРЛОРГО ДАГЫ ЭЛЕ КӨЗ АКЫ ТӨЛӨП ЖАТЫШАТ»

Соңку мезгилде Ооган наркобарондору маңзат өндүрүү көлөмүн ашкере көбөйтүштү. Мунун кесепетинен Кыргызстан ачык эле Борбор Азиядагы эң ири наркокоридорго айланып баратат. Ушул жана башка көйгөйлөрдүн тегерегинде Борбор Азиядагы наркосаясат борборунун жетекчиси Александр Зеличенкону ат жалында кепке тарттык.

Александр мырза, ушул тапта жалпы эле дүйнө жүзүндөгү наркокырдаал көңүл жубатаарлык эместей?

— Ооба. Абдан туура баамдапсыңар. Жер шарында өндүрүлгөн апийимдин 63 пайызы дагы эле Ооганстандын талааларында өстүрүлүп жатпайбы. Бул өлкөдө бир грамм героин 4 долларга бааланат. Ал эми Батыш жана Борбордук Европада бир грамм героин 40-100 доллардан кем эмес. Ал эми АКШда жана Түндүк Европада ушул эле көлөмдөгү героин 170-200 долларга, андан ары Австрияда 230-370 долларга дейре байма-бай сатылып келет. Адистер бекем ырасташкандай, «Maden in Аfganistan» үлгүсүндөгү героин ушул тапта дүйнөлүк эң ири базарларга Иран жана Түркия аркылуу дагы эле беймарал ташылып жатат. Бул оңбогур маңзаттар андан ары «Балкан багыты» аркылуу деңиз менен Европа мамлекеттерине үстөккө-босток жөнөтүлөт. Мындан тышкары «Түндүк багыты» аркылуу Азия мамлекеттерин беймарал аралап, соңунда Орусияга байма-бай киргизилип турат.

Ошентип, Борбор Азиядагы, айрыкча Кыргызстандагы наркокырдаал дагы эле чеке жылытаарлык эмес деңизчи? Сиздин баамыңызда, ушул өңүттөгү бүгүнкү олуттуу коркунучтун себеби эмнеде?

— Ачык эле баамдап жаткандырсыздар, соңку жылдарда эл аралык терроризм абдан күчөдү. Буга улай, мамлекеттик башкаруунун бардык бутактарында дагы жемкорлук эбегейсиз гүлдөдү. Дал ушунун кесепетинен Кыргызстанда дагы көмүскө экономика балакети кадимкидей жанданды, эй! Кашайгыр көмүскө экономика бара-бара Кыргызстанды биротоло туңгуюкка кептеп, мамлекетибизди орду толгус жоготууларга гана учуратат. Эң эле өкүнүчтүүсү, адамдардын бейажал өлүмү акыркы жылдарда уламдан улам арбып баратат. Мындан дагы кейиштүүсү, куттуу кыргыз жергесин ВИЧ, СПИД илдети ушул тапта абдан катуу тооруп турган чагы. Деги мунун акыры эмне менен бүтөт? Бул дагы бүдөмүк! Ачыгын эле айтайынчы, муну бир гана Кудай билет.

Александр мырза, кыскасы, кичинекей Кыргызстанды теңсинбеген Наркомафия бүтүндөй ааламды тегиз каптап баратат деңизчи?

— Ооба. Дал ошондой. Ооганстанда гана байма-бай өндүрүлгөн таптаза героинди Европа жана Азия өлкөлөрүндө жарандар жапырт үстөккө-босток урунуп жатышат. Эсептесек, мындан түшкөн эле каражат болжолдуу түрдө 65 миллиард долларды чапчыйт экен. Бизди өтө өкүндүргөнү, дүйнөлүк накомафия бул кирешенин басымдуу бөлүгүн дал ушундай эл аралык террорчул уюмдарды үзгүлтүксүз каржылаганга жана аларды туруктуу дагы бакканга сарптап келатышат. Маселен, олчойгон каражаттар заманбап курал-жарактарды, аскердик техникаларды жана ок-дарыларды жетиштүү өлчөмдө сатып алганга сарпталууда. Ошондой эле Ата Мекендик жемкорлорду дагы кур койбостон, алардын баарына тең дагы эле кадимкидей көз акы дагы төлөп турушат.

Oper.kg