Домой Саясат / Политика Аймактардагы абал, акимдерден, жергиликтүү жетекчилерден көз каранды

Аймактардагы абал, акимдерден, жергиликтүү жетекчилерден көз каранды

Эпидемиологиялык кырдаал курч болуп турган учурда жарандардын өмүрү аймактардагы ар бир акимдин жана айыл өкмөт башчынын натыйжалуу ишине көз каранды. Бул тууралуу Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

«Айрым аймактарда илдеттин кесепетинен каза болгондордун статистикасы жогорулап жатат. Район акимдери үстүртөн көзөмөлдөбөй, ишке өздөрү аралашып, тапшырманы жүзөгө ашырууга тийиш. Ооруканадагы ар бир бейтап боюнча маалымат алып турсун. Буга чейин штаб тарабынан үймө-үй кыдырып, ооругандарды аныктоо милдети коюлган. Бул жумуш тийиштүү деңгээлде аткарылбай жатат», — деди ал. Бороновдун бул айтканы да туура. Жергиликтүү бийлик башчылары учурдагы оор кырдаалдан чыгуу үчүн шымаланып ишке киришпесе болбойт. Айрыкча Ысык-Көл району кооптуу болуп турат. Анткени жайкы туристтик сезон башталып, ооруганы, оорубаганы деле аталган аймакта беткапсыз жайылып жүрүшөт.

Oper.kg