Домой Коом / Общество Бүгүн Улуттук аза күтүү күнү

Бүгүн Улуттук аза күтүү күнү

Мамлекет башчынын жарлыгы менен 30-июль Кыргызстанда коронавирус курмандыктарын эскерүү үчүн Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган. Буга байланыштуу бүгүн өлкөнүн бардык аймактарында жана чет өлкөлөрдөгү элчилик, консулдуктарында мамлекеттик туулар ылдый түшүрүлөт.

17-июлдан тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштаган.

Тактап айтканда, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирустан 1347 адам каза тапты. Илдет жугузуп алгандардын саны 34 512 киши. 1047 бейтап оорудан айыкты.

Oper.kg