Домой Саясат / Политика Балбак Түлөбаевди Көлбаевдин балдарынан Шаршеев коргойбу?

Балбак Түлөбаевди Көлбаевдин балдарынан Шаршеев коргойбу?

Бишкек шаардык мэриясынын аппаратынын мурунку жетекчиси Балбак Түлөбаев 27-июлда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Кечээ, ал өзүнүн Фейсбук баракчасына кикбокс чебери Дастан Али Шаршеевди жардамчы кылып алганын жазып чыкты. Албетте, Шаршеев сымал чыныгы патриот жаштардын кызматка келиши жакшы көрүнүш. Иштин көзүн таап кетээр деп ишенүү менен ийгилик каалайбыз. Ошентсе да, мамлекеттик кызматтын да атайын эреже-талабы, шарты болот эмеспи. Балбак баатыр креслосу жогорулаган сайын коопсуздугунан кооптонгондой жанына жалаң чоң муштумдарды жыйнай баштаганында бир мандем бар. Анын үстүнө, анча-мынча менен эсептешпей, кара күчүнө ишенген Камчынын зөөкүр чалыш чоң муштумдарынан чочуп жаткандай. Жакында шайлоо. Кыскасы, Көкөтөйдүн ашы — көп чырдын башы, мына ушул шайлоо башталчудай…

Эмнеси болсо да, элди жүзү жылма, муштуму чоңдор эмес, илимдүү, билимдүү, акылы тунук, анык дипломаттар башкаруусу керек.

Oper.kg