Домой Коом / Общество Үч тоонун чөбүн эңсеген Икрамов эки жүздүүлүгү…

Үч тоонун чөбүн эңсеген Икрамов эки жүздүүлүгү…

Жогорку Кеңеште «сексалью» деген каймана атка ээ болгон, жөнөкөй терминдерди да оңдуу айта албаган Тазабек Икрамов бир мандаттуу №13 Сузак шайлоо округунан талапкер болуп чыгып жатат.

Кызыгы, «Тазасы бар» деген урааны эле укмуш. Тазабектин логикасына таянсак Бактыбектер «Бакыты бар», Акылбектер «Акылы бар» деп ураалай берсе жарашат.

Албетте, Икрамовдун деңгээли кандай экенин депутат болуп турганда көрдүк го. Адашып депутат болуп алган неме, кайрадан ээлигип алганы күлкүнү келтирет.

Андан да айласы кетип, тандем кылалы деп «Ата-Журт Кыргызстан» партиясына бир чуркап, ал ортодо «Ынтымак» партиясын этектеп, кайра «Ишеним» партиясына жалдырап «үч тоонун чөбүн эңсеп» убара.

Эки тоонун чөбүн эңсеген эчки ачка калат дегендей, минтип үч партиянын көңүлүн таап, өзүнө добуш топтогусу келген эки жүздүү жоругу, суусу кургабай улам бир партиянын өкүлдөрүнө жетип жатканын билбейби?

Сузактын эли дагы бир жолу Тазабекти шайлап уят болуп жүрбөйлү дешип жатканын уктук. Ырасында, туура да.