Домой Коом / Общество Мамлекеттик коопсуздук — мактанычтын предмети эмес

Мамлекеттик коопсуздук — мактанычтын предмети эмес

(«Улуттук кызыкчылык» түрмөгүнөн)
Кыргызстан Түркиядан «Байрактар», ал эми Орусиядан «Орлан-10» деп аталган учкучсуз учактарды сатып алганы жатыптыр. «Азаттыктын» маалыматы боюнча бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 21-октябрда журналисттерге билдирген. Демек, бул маалымат ачык жарыяланды.
Албетте, эгерде учкучсуз учактар келе жатканы чын болсо анда Кыргызстан үчүн абдан жакшы. Муну уюштургандарга, тиешелүү сүйлөшүү жүргүзгөндөргө өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу аракети үчүн ырахмат гана айтыш керек. Тажикстандын агрессиясы жана өлкөнүн аскердик аракеттер театры тоолуу типке киргени мындай учактардын зарылдыгын так, даана көрсөткөн. Дагы бир кошунабыз менен чек ара маселеси кандай чечилери белгисиз. Андыктан дагы кайталайбыз, учкучсуз учактар келип жатса жана мамлекет чын эле аны өз акчасына сатып алып жатса — бул эң сонун.
Бирок ушул кадамдын артыгын чыгарган үч жагдай оркоюп көрүнүп калды. Биринчиден, аны алып келгенден кийин гана жыйынтык чыгарса болот. Антпесе шайлоо сайын элге көрсөтүлүп жаткан, бирок кеңири сатыкка чыкпаган биздин электромобилдердей эле болуп калат. Же бийлик мактанганын койбоду, же көчөбүз ошондой машинелерге толуп кетпеди. Колдон келсе иш бүтүп, артка кайткыс болгондон кийин гана жыйынтык чыгарса болот. Андыктан колго тийгенче мактабай кое туралы. Мактаганга качан болсо жетишебиз.
Ырас, башка мамлекеттер да бири-бирине сүр көрсөтүүдө аскердик техникасын демонстрациялап, алардын күчүн сынап көргөн учурлар толтура. Бирок алар деле колуна тийген курал менен эскертет. Сатып алына элек нерсени алдын-ала айтпайт.
Экинчиден жана эң негизгиси — мындай маалыматтар ачык айтылбай тымызын бүткөнү жакшы. Мушташып жатсаң деле «мен сени баштан ары чабам» дегенсип колуңду көтөрсөң каршыңдагы неме башын жакшыраак калкалайт го. Андыктан каяктан эмне кылып урарыңды эч ким билбеши керек. Колуңда кандай курал бар экени тууралуу эч кимде эч кандай маалымат болбошу керек. Ал тургай сенде эч нерсе жок экен деп келип күтүүүздөн учуна сайылып калганы жакшы.
Дүйнөдөгү эң милитаризацияланган өлкөлөрдүн бири болгон Израил мамлекети өзүнүн аскердик операциялары тууралуу эч кандай комментарий бербейт. Анын өзөктүк куралы бар экени эчак эле айтылган, бирок моюнга албайт. Атайын кызматы — эң жашыруун органдардын бири. Коопсуздугубуз жакшы корголсун десек ошондон үлгү алышыбыз керек.
Үчүнчүдөн мындай келишимдерди түзүүдө өнөктөш өлкөлөр деле иш жашыруун болушун каалайт. Аларга бериле турган ар кандай суроолорду көбөйтүп, ишти татаалдаштырбай эле койгон оң. Сөз болуп жаткан мамлекеттер (Орусия менен Түркия) озунуп маалымат бербегенине караганда алар деле мунун ачыкка чыгышын каалашпаса керек. Эгерде мындай келишимдердин жашыруун сактоо шарттары болсо жана алар аткарылбай калса, өнөктөштөр нааразы болуп аны токтотуп коюшу да мүмкүн. Ошондуктан баштала элек ишти дардактап мактаныч үчүн өлтүрүп албасак болду. Убагында Ооганстандагы Түндүк Альянска курал берүү жөнүндө бир нече өлкөнүн жашыруун келишимин аткаруунун алкагында Бишкектен кетип бараткан эшелонду биздин күч түзүмдөрүбүз кармап, анысы аз келгенсип ЖМКга чыгарып жибергенде биздин дипломатия тиешелүү өнөктөштөрүнө уят болгон. Аны кармап жарыялап жиберген кишилер кийин өз катасын түшүнүп, сыймык менен айтпай калды.
Мамлекеттик саясат кайсы бир маалыматтын баса көрсөтүлүп, башкалары тескерисинче жашыруун калышын талап кылат. Ушул өңүттөн алганда бийлик биздин активисттердин Тажикстанды Эл аралык сотко берүү аракеттерин ачык колдоп, ал эми ага каршы аскердик аракеттердин мазмунун жашыруун калтырышы керек болчу. Ушунун баары жеке дымактан жогору турган мамлекеттик кызыкчылыкка жетишибизге али көп бар экенин көрсөтүп турат.
Кудай буюруп чын эле ушул учкучсуз учактар биздин колго тийип, биздин пайдабызга жарап калсын. Бирок өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу аракеттери ушуну менен эле бүтүп калбайт. Дагы далай куралдарды сатып алып, дагы далай иштерди жүргүзүүгө туура келер. Андыктан жогоруда айтылган өңүттөр ушул багыттагы болочок аракеттердин алкагында эске алынса деген тилек.

Жыргалбек Касаболот