Домой Коом / Общество Кыргызстандын жаш экоактивисттери БУУну «Кумтөр» маселесине жардам берүүгө чакырышты

Кыргызстандын жаш экоактивисттери БУУну «Кумтөр» маселесине жардам берүүгө чакырышты

Бүгүн, 11-октябрда, Бишкекте «Тянь-Шанды сактайбыз» коомдук бирикмесинин акциясы өттү. Жаш активисттер канадалык инвестордун экологиялык кылмыштарын дүйнө жүзүнө билдирүү үчүн БУУ Үйүнүн алдына чогулушту.
«Биздин бирикме «Кумтөр» алтын кенин иштетүүдөгү экологиялык мыйзам бузуулар туурасында бир эмес, бир нече жолу билдирип келген. Канадалык компаниянын жыйырма жылдык ишмердигинин натыйжасында эки мөңгү — Лысый жана Давыдов талкаланып жок болду, Нарын дарыясы булганды. 1998-жылы Барскоон дарыясына цианид төгүлгөндө 20дан ашуун адам каза болуп, 60тан ашуун адам майып болуп калган. Бул каргашалуу кырсык сабак болуп, мындан кийин эми экологиялык кылмыштар болбойт деп ойлогонбуз. Бирок 3-октябрда биздин адистер «Кумтөрдө» жаңы мыйзам бузууларды — химиялык реагенттер менен техникаларды — 10дон ашык унааны жер алдында көмүп салгандыгын аныкташты», — деп айтып берди коомдук бирикменин жетекчиси Канышай Ырысбек кызы.
Эколог-активисттер Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерришке видеокайрылуу жана англис тилинде резолюция даярдашкан. Анда алар БУУну «Кумтөрдүн» көйгөйлөрү жөнүндө дүйнөлүк коомчулукка объективдүү маалымат берүүгө көмөктөшүүгө чакырышкан.
«Биз акцияга жөн эле кыйкыруу үчүн эмес, активдүү жарандык позициябызды расмий түрдө сабаттуу кылып билдирүү үчүн чыктык. Биз «Centerra Gold Inc» компаниясы 20 жылдан ашуун убакыттан бери биздин территорияда жапайычылык менен иштеп, коркунучтуу кесепеттерди калтыргандыгын дүйнөлүк коомчулук билишин каалайбыз. Канадалык компания экологияга жогорудагыдай зыян келтиргенден кийин келип алып, бетпактык кылып Кыргызстанды сотко берүүгө батынгандыгы бизди нааразы кылууда», — деп билдирди Ырысбек кызы.
«Кумтөр» кенинин айланасындагы соттук териштирүүлөр күч алып баратканын эске алуу менен Кыргызстан минтип экологияны талкалагандарга өз пикирин так жана ачык билдирип, аны дүйнөлүк коомчулукка жеткирүүсү маанилүү, — деп белгиледи ал.
Активисттер «Centerra Gold Inc.» компаниясын Кыргызстандын жаратылышына келтирген зыяны үчүн адилеттүү жазалоону талап кылышууда. Алар буга чейин «Кумтөрдө» жасаган экологиялык кылмыштары үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылбаганына таң калышууда.