Домой Коом / Общество Сарбагышев уялса болмок!

Сарбагышев уялса болмок!

Ысык-Көл районунан Жогорку Кеңешке бир мандаттан депутат болууга Талант Сарбагышов аттаныптыр. Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри. Өткөн жылы күздө Раим миллиондун «Мекеним Кыргызстан» партиясы аркылуу парламенттин шайлоого катышкан. Каратып туруп эле добуштарды акча менен жыйнаган. Анын жыйынтыгы кандай болгону баарыбызга белгилүү. Аянтта эл митингге чыгып, Үмүт инибиз окко учуп, ондогон адам жаракат алып, ондогон жигит көзүнөн ажыраган. Эми ошол ыплас шайлоонун себепкерлери кайрадан уялбай депутат болууга жандалбас уруп жатканы накта бети жоктук эмеспи ыя?! Бул жигит мурда милицияда иштеген…