Домой Коом / Общество Мариповдун айланасына уюшкан «келемиштер» топтолуштубу?

Мариповдун айланасына уюшкан «келемиштер» топтолуштубу?

Ачык саясат:
SOS! SOS! SOS!

Мамлекеттик кадр кызматы жоюлганы турат!

30 жыл аралыгында Кыргызстандын ырааттуу кадр саясаты калыптанган жок. Буга чейин эки жолу ыңкылап менен бийлик алмашып, азыр үчүнчү элдик толкунду баштан кечирсек дагы, кадрдык система ошол бойдон калып, улам бир өкмөт келип-кеткен менен, анын курамы мурунку бойдон калып өлкөдө коррупция тамырлап, бийлик бутактарындагы келемиштерден тазалана албай жатканыбыз да ошондон.

2010-жылга чейин кадрдык саясатта регионалдык-кландык фактор негизги ролду ойноп келсе, соңку кезде кадрларды дайындоодо ачык саясий соодалашуу фактору алдыга чыгып, кесипкөйлүк дагы деле негизги көрсөткүч боло албай жаткандыгы байкалат.

Президент Садыр Жапаров буга чейин мамлекеттин кадр саясатында олуттуу реформалар ишке ашаарын айтып, мындан ары адистер сынак аркылуу мамлекеттик кызматтарга тандалып алынаарын баса белгилеп кеткен. Мамлекет башчысынын билдирүүсүнөн кийин Мамлекеттик кадр кызматы бул багытта өз арбайын чаап иштеп баштаган эле. Сөздөн санга өтсөк 2021 -жылдын 31 -июлуна карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругу менен Регионалдык резервден 29 адам кызматтарга дайындалган, алардын 17си жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары, 12си жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын орун басары кызматына бекитилген. Бул кадрлар онлайн компьютердик тестирлөөдөн текшерилип, мамлекеттик аттестациянын элегинен өткөн таза кадрлар болуп эсептелет. Айтканга оӊой болгону менен Президенттин таза кадрларды тандап алуу тапшырмасын Мамлекеттик кадр кызматы түзүк аткарып жатканы байкалат. Мунун баарын айтып жатканыбыздын себебине эми келсек, жагдай төмөндөгүдөй;

Кыргызстанда кызматтарды соодаламай 30 жылда кадимки көнүмүш адатка айланып келе жатат. Мунун кесепетинен өлкөдө таланттуу кесипкөй жаш жана мыкты кадрлардын алды Америкада арты жумушка кире албай акча издеп көчө таптап жүрөт. Мына ушундай мамлекеттик кызматтарды пулдап кызылдай акчаларга сатып көнүп калган бийлик бутактарында эргулдар бар экенин эсиӊиздерге салгыбыз келет! Бул уюшкан келемиштер азыр Улукбек Мариповдун айланасына топтолушуп Мамлекеттик кадр кызматын жоюу менен биротоло жаназасын окуп, кадрларды дайындоо милдетин Министрлер кабинетинин башчысы, тагыраагы кызматтарды кайра эле акчага соодаламай вазыйпасы Улукбек Мариповдун колуна өткөнү турат. Бул жосунсуз жорук эртеӊ, 21-сентбярда Жогорку Кеӊеште депутаттардын талкуусуна коюлуп, Мамлекеттик кадр кызматынын ишин жеӊилдетүү деген шылтоо менен «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын демилгесине өзгөртүүлөрдү киргизүү менен ишке ашкан турат. Эгер Улукбек Мариповдун мындай арам ою ишке аша турган болсо анда Президент Садыр Жапаровдун таза кадрларды тандоо боюнча жалындуу сөзү кайда калат?!

Мейли, кадрларды министрлер кабинети тандайт экен дейли, анда ар бир министрлик ака-үкө, ага-ини, тааныш-билишке карабай таза кадр тандап алат деп ким кепилдик берет айланайын? Айткылачы?!

Аздыр көптүр аттестация, компьютердик тестирлөө менен жок дегенде акыркы жарым жылдын ичинде кадрдык дайындоолордогу коррупция биротоло жоголбосо да кыйла азайды да? Эми анын баары кайтып келет деген түз коркунуч пайда болуп жатпайбы?! Аттестация менен Министрлер кабинети алектенет деген бул эми жөө жомок да! Мындай болсо кадрдык процесстерге эч ким көз сала албайт! Ар бир министр мыйзамдын жана адилеттүүлүктүн негизинде эмес, каалагандай адамын жумушка алып баягы-баягы, Баялынын таягы деген эски системага кайтып коррупция менен коён колтук алышып калган жатпайбызбы кайра эле!

Урматтуу Президент Садыр Нуркожоевич, кадр саясаты тууралуу айткан сөзүӊүздүн аягына чыгыӊыз! Мындай болбойт! Өнүккөн өлкөлөрдө, ал тургай апааттан чыга албай турган Афганистанда дагы Мамлекеттик кадр кызматы сакталып турат. Бүтүндөй мамлекеттин кадр саясаты өз кызыкчылыгынан чыга албаган бир ууч паракор саясатчылардын курмандыгында калбашы керек.

Таза мамлекет таза кадрлардан түптөлөт! Урматтуу Президент жана эл журт, эгер бул багытта жеке мамлекет башчысы жана коомчулук өзү көзөмөлдөбөсө, таза өнүккөн мамлекет курабыз деген аруу тилегибиз, келечегибиз кайра эле коррупционер, бюрократтардын колунда калганы турат!