Домой Коом / Общество Жээнчороевдин да жүрөгүн түшүрүп коюшканбы?

Жээнчороевдин да жүрөгүн түшүрүп коюшканбы?

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев өткөндө парламенттин жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен кайым айтышып, «мага кылмыш ишин козгоо үчүн заказ берипсиз, уялбайсыңбы» — деп бир топ эле күпүлдөгөн. Мындан улам коомчулук Жээнчороевди мактап, «кыйын жигит экен. Бабановдун кадры болсо да ага караганда жүрөктүү тура» дешип аябай кубатташкан эле. Арадан көп өтпөй Мирлан Жээнчороев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен чай үстүндө элдешип алганын жарыялады. Учурда Жээнчороевди принциптен тайган, жүрөгү жок саясатчы катары сыпатташууда. Кызык, жанталашып элдешип алганына караганда, бул жигиттин да арты таза эмеспи деген суроо туулат? Арты таза болсо «даканса» эле барса болмок экен…