Домой Коом / Общество Манасчылардан ынтымак кеткенби?

Манасчылардан ынтымак кеткенби?

Манас деп даңктап жүрөбүз, Манас деп даңктап сүйөбүз. Манас атабызды туу тутуп жашап келебиз. Кечээ жакында манасчы Дөөлөт Сыдыков Москва шаарында беш күн, беш түн манас айтып, улуу касиетин көргөздү. Дүйнөнү дүңгүрөтүп салды. Гиннес китебине кирмек болду. Кыргыздар кубанганыбыздан делделеңдеп калдык. Дөөлөттү жаш-карысы, чиновниги, министри баш болуп шадыраңдап Манас аэропортунан тосуп алышты. Чынында Дөөлөт Сыдыков тарыхта алтын тамгалар менен жазылып кала турган эмгек жаратты. Баары жакшы болду. Бирок эң өкүнүчтүү жагдай, манасчылардын ынтымагы жок экени оркойуп көрүнүп калды. Муну миң жашырганыбыз менен баарыбир айтыла турчу маселе болуп калды. Эмне үчүн Рыспай Исаков баштаган жоон топ манасчылар аэропорттон Дөөлөттү кучак жайып тосуп алганга жарашкан жок?! Дөөлөт келгенче ошол жерде манастап ураан чакырып турушса болот эле да. Көралбастык деген оорудан кутулалбаган кыргыздын кийинкиси кандай болоор экен ыя…