Домой Коом / Общество Фейк маалымат тараткан милициялар жазалансын деген талап коюлду!

Фейк маалымат тараткан милициялар жазалансын деген талап коюлду!

Бишкекте патрулдук милициянын огунан каза болгон Чыңгыз Абдыраевдин сөөгү 29-августта эртең менен жерге берилди. Маркум 32 жашта гана болгон. Маркумга топурак салууга Ички иштер министринин биринчи орунбасары Сүйүн Өмүрзаков менен Бишкек шаардык милициясынын башчысы Азамат Ногойбаев келишип, жакындарына көңүл айтышкан. Азырынча милиция жетекчилеринен эч кимиси кызматтан алына элек. Маалыматты бурмалаган Азамат Ногойбаев пресс катчысы Улан Джумаков да иштен алынган жок. Коомчулук болсо, фейк маалымат тараткан милициялар кызматтан кетсин деген талап коюп жатышат…