Домой Коом / Общество Президент Садыр Жапаров Талас облусунда иш сапары менен болот

Президент Садыр Жапаров Талас облусунда иш сапары менен болот

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, Талас облусуна бир күндүк иш сапары менен барат.

Мамлекет башчысы чакан гидроэлектр станциясынын курулушуна капсула салат жана «Манас Ордо» улуттук комплексинде өтө турган театрлаштырылган маданий спектаклге катышат.

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган «Урааным Манас!» аталышындагы театрлаштырылган маданий иш-чара КТРК, республикалык жана облустук телеканалдарда, ошондой эле социалдык түйүндөрдөгү баракчаларда түз эфирде көрсөтүлөт.

Башталышы 29-августта саат 20:20да.