Домой Коом / Общество Камакта делген Дашков эркин эле келин менен сүйлөшүп олтурат

Камакта делген Дашков эркин эле келин менен сүйлөшүп олтурат

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын мурдагы башкы директору Василий Дашков июнь айында камакка алынган болчу. Кийинчерээк камактагы Дашков ден соолугуна байланыштуу камактан белгилүү “Бикард” клиникасына которулган.

 

Бирок, кечээ, 25-августта “Бикард” клиникасынын тегерегиндеги күбөлөр аны эч тоскоолдуксуз эле, ээн эркин, жанында бейтааныш келин менен баарлашып олтурганын көрүшкөн.

 

Белгилей кетсек, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында «Кыргыз Темир Жолу» ишканасынан бюджеттик каражаттарды алып салуу боюнча кошумча фактылар аныкталган. 2021-жылдын январынан апрелине чейин мамлекеттик ишканадан 490 миллион сомго жакын акча алынгандыгы аныкталган. Ошентип, келтирилген зыяндын жалпы суммасы болжол менен 1,5 млрд. сом болгон. Бирок, ал азыркыга чейин келтирилген чыгымдарды толтурган эмес.

Булак: Бишкек-24