Домой Коом / Общество Ички аскер бөлүгүндө иштеген кызматкерлердин айлык акысы жогорулайт

Ички аскер бөлүгүндө иштеген кызматкерлердин айлык акысы жогорулайт

Президент Садыр Жапаров, Ички иштер министрлигине караштуу ички аскерлер бөлүгүнүн 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Ошондой эле Ички аскер бөлүгүндө иштеген аскер кызматкерлеринин айлык акысы жогорулай турганын айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле Президент, ички аскер бөлүгүнүн мыкты даярдыкта экендигин белгилеп өттү.