Домой Коом / Общество Баткенде чек ара чырында жабыркаган 60 үй бүлө жаңы үйлүү болушту! 

Баткенде чек ара чырында жабыркаган 60 үй бүлө жаңы үйлүү болушту! 

Баткен областынын Лейлек районуна караштуу Максат айылында салынып баштаган үйлөрдүн курулуш иштери аяктап, коңшу өлкө менен болгон чек ара жаңжалында жабыркаган 60 үй бүлө жайгаштырылды.

Кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыгынын 30 жылдык юбилейине карата дагы 140 үйдүн курулуш иштеринин жүрүшү пландалууда. Ошондой эле, чек ара жаңжалында жабыркаган Арка, Интернационал жана Сада айылдарында да курулуш иштери жүрүп жатат. Лейлек району боюнча бардыгы болуп 100 үй жабыркаган.