Домой Коом / Общество Жумгалдыктар түндүк-түштүк жолунун сапатына нааразы

Жумгалдыктар түндүк-түштүк жолунун сапатына нааразы

23-июлда Жумгал районунун Куйручук айылынын жанынан өткөн түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушунун сапатына нааразы болуп жыйырмадан ашуун жергиликтүү жашоочулар чогулуп, саздак жердеги жол курулушунда тийиштүү технология колдонулбай жатканын айтууда.
Чогулгандар “эски асфальт айыл ичиндеги жолдорду оңдоого жумшалат” деген убада аткарылбай жатканын айтышты. Видеодо жол салып жаткан ишкананын өкүлүмүн деген киши курулуш иштери долбоордо көрсөтүлгөндөй жасалып жатканын түшүндүрүүдө.

Жумгал жаштарынын төрагасы Марат Оторбаев түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушунун сапаты боюнча талаптар буга чейин эле айтылып келгенин билдирди. Ал бөлүктү италиялык Todini Costruzioni Generali Company подрячик катары утуп алып, “Энесей Строй” компаниясы субподрядчик кылып алышкан жана Бул компания анда иштеген жумушчулардын айлык акысын бербей качып кеткенин да билдирди. Тиешелүү жактарга кайрылуу алдында турушат.

Эске салсак, түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушу 2014-жылы башталган. Автожолду 2023-жылы пайдаланууга берүү пландалып жатканы кабарланган. Дээрлик 500 млн. долларга бааланган түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт.

Oper.kg