Домой Коом / Общество Садыр Жапаров Тажикстанга сапар алат

Садыр Жапаров Тажикстанга сапар алат

Президент Садыр Жапаров Тажикстанга бараары туурасында маалымат тарады. Учурда бул маалымат кызуу талкууга алынууда. Айрымдар Жапаровдун Душанбеге барышына каршы болушса, кээси, «барса барып, чек ара маселесине чекит коюп келсин» дешүүдө. Бирок, кандай болгон күндө да маселе чечилип, баткендик туугандарыбыз тынч жашоого багыт алуусу керек. «Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер» деген сөз бекер айтылган эмес. Андыктан, президент Жапаров чечкиндүү кадам жасап, өлкө үчүн пайдалуу келишимдер менен макулдашып келгени жакшы болуп турат. Нейтралдуу аймакта жолугушсун дей берсек, убакыт өзүнүкүн бербей өтүп жатат…