Домой Коом / Общество Экс-депутат Роза Абдраимова пневмониядан көз жумду

Экс-депутат Роза Абдраимова пневмониядан көз жумду

22-июлда, 63 жашында, педагогика илимдеринин доктору, профессор, РФнын Социалдык жана гуманитардык илимдер академиясынын академиги, Украинадагы Эл аралык кадрлар академиясынын (ЮНЕСКО) корреспондент мүчөсү, Жогорку билим берүүнүн отличниги, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Роза Абдраимова пневмониядан көз жумду.

Роза Абдраимова 1957-жылы Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылында туулган. Окууну ийгиликтүү аяктап, иш тажрыйбасын Ош шаардык Мамлекеттик университетинде ага окутуучу болуп баштаган. 1992-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Украинадагы өкүлчүлүгүндө иштеген. 1998-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биринчи катчысы, 1999-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министрлигинин Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, 2001-жылы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин аппаратынын Социалдык жана маданий өнүктүрүү секторунун башчысы, 2002-жылы Жайыл райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары болуп эмгектенген. 2007-жылдын 20-декабрынан 2010-жылдын июлуна чейин «Ак-Жол» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Роза Абдраимова «мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси» класстык наамы менен сыйланган, Кыргыз Республикасынын ардак грамоталарына ээ болгон. Билим берүүнүн сапатына ар дайым жогору баа берип, Кыргыз элинин рухий маданиятынын келип чыгышы, кыргыз этнопедагогикасы жана балдарды тарбиялоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Конституциясында демократиянын жана тышкы саясаттын принциптери жөнүндө жазган. Ал кыргыз элинин тарыхын жана каада-салттарын активдүү жайылткан.

Oper.kg