Домой Коом / Общество Президенттин администрациясындагы жаңы дайындоолор. Тизме

Президенттин администрациясындагы жаңы дайындоолор. Тизме

Бүгүн, 18-майда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери дайындалды.

Мамлекет башчысынын жарлыктарына ылайык:

Султанбаев Эрбол Абдыкадырович — Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы болуп дайындалды;

Жаманбаев Муса Мураталиевич — Президенттин протокол кызматынын жетекчиси болуп дайындалды;

Калматов Анарбек Баратович — Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

Абытов Алмасбек Ахунжанович — Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

Жусупов Медер Кеңешович — Президенттин жана Министрлер кабинетинин Конституциялык сотунун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

Марс Нурай — Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы;

Иминов Махамаджан Саитович — Президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;

Естебесов Адыл Жээнбекович — Президенттин администрациясынын Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;

Базарбеков Замирбек Курамаевич — Президенттин администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;

Дүйшекеев Дастан Станбекович — Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

Айдарбеков Айбек Акматбекович — Президенттин администрациясынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;

Бакиров Жетиген Жокинович — Президенттин администрациясынын мамлекеттик, муниципалдык кызмат жана кадр саясаты бөлүмүнүн башчысы;

Орозалиев Акылбек Атабекович — Президенттин администрациясынын инспектордук-контролдоо иштери бөлүмүнүн башчысы;

Жалалов Жаныбек Махматалиевич — Президенттин администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;

Керимжанов Алтынбек Жамалбекович — Президенттин администрациясынын кадрлар бөлүмүнүн башчысы;

Мурзаканов Санжар Равшанбекович — Президенттин администрациясынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы;

Беков Аскат Турдумаматович — Президенттин администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты жана пландоо бөлүмүнүн башчысы;

Абдыкалыков Жанузак Козубайевич — Президенттин администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы;

Кулуев Алымкул Раимкулович — Президенттин администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы;

Оморов Азамат Каныбекович — Президенттин администрациясынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы;

Узаков Азат Сапарбаевич — Президенттин администрациясынын курулуш, транспорт, жол жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы;

Байтереков Таалай Алымбекович — Президенттин администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

Усубалиев Максат Абдыкадырович — Президенттин администрациясынын саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы;

Байтерек Галина Жумабековна — Президенттин администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы;

Базарбаев Кудайберген Базарбаевич — Президенттин администрациясынын жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча бөлүмүнүн башчысы;

Абдрахманова Чолпон Садырбековна — Президенттин администрациясынын Канцеляриясынын башчысы;

Абдысадыр уулу Азат — Президенттин администрациясынын канцеляриясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин актыларын, башка актыларды редакциялоо жана котормо бөлүмүнүн башчысы;

Рахматова Жанна Аскербековна — Президенттин администрациясынын канцеляриясынын Президенттин жана Министрлер кабинетинин актыларын, башка актыларды чыгаруу бөлүмүнүн башчысы;

Шүкүрбеков Улугбек Абдималикович Президенттин администрациясынын Жарандык боюнча комиссиянын жооптуу катчысы;

Апенов Таалайбек Бекболотович Президенттин администрациясынын Ырайым кылуу боюнча комиссиянын жооптуу катчысы;

Сманбаева Жылдыз Аскарбековна Президенттин администрациясынын Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп дайындалды.

Андан тышкары:

 

Мамбетов Алмаз Ишенбекович Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу болуп дайындалд;

Мамбеталиев Мирбек Кемелович Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп дайындалды;

Шерматов Эмил Абсатарович Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусунун орун басары болуп дайындалды.