Домой Аналитика Саясаттан экономикага өтүү жолу

Саясаттан экономикага өтүү жолу

Албетте, бул жол көпчүлүк өлкө жана алардын лидерлери үчүн белгилүү жол.

Бул жол менен биринчилерден болуп АКШнын 32-президенти Франклин Рузвельт өткөн.

Ал АКШ элинин эң оор жылдары – (1929 – 1939) – Улуу депрессия жылдарында, 1932-жылы бийликке келип, элинин башын бириктирип, чачылганды жыйнап, кыйраганын тургузуп, эл үчүн кызмат кыла турган өкмөт курамын түзүп, ар бир айыл-кыштак, поселок-шаарчалардын бириккен чарбасын көтөрүп, аларга өз алдынча өнүгүү жолун көрсөтүп жана ага шарт түзүп берип, 2 – 3 жылдын ичинде көзгө көрүнүктүү ийгиликтерге жетише алган.

Ошол эле жол менен кытай элинин чыган уулу Ли Куан Ю Англия королевствосунун эң жакыр колониясы  Сингапур элин экономикалык кризистен алып чыккан.

Ошондой эле жол менен, экинчи Дүйнөлүк согуштун кесепетинен жабыркаган Скандинав  өлкөлөрү, анын ичинде биринчилерден болуп Швеция мамлекети,  социалдык өнүгүү жолуна түшүп (“шведская модель развития”), бүткүл дүйнө жүзүн таң калтырган.

Ошол эле жол менен өнүккөн өлкөлөрдүн ичинде Канада, Кытай, Индия, Жапон, Түштүк Корея, Малайзия, Орусия, Белорусия, Казакстан, Өзбекстан.

Кыргызстандын жолу

Улуу Совет империясынын кыйрашы өткөн кылымдын 60-70-жылдарында эле АКШнын мамлекеттик коопсуздук департаментинин (Мамдеп) эң ыңгайлуу, шөкөттөлгөн кабинеттеринин биринде “Америкалык жашоо-турмуштун образы”(Американский образ жизни) аттуу виртуалдык  фишкадан башталган. Анын эксперименттик лабораториясы катары Голливуд киностудиясынын базасы колдонулган.

Өтө кылдаттык жол менен тандалып, Батыш цивилизациясынын үлгүсү катары даярдалган “Эркиндик жана демократия!” деген чакырык бүткүл дүйнөнү дүңгүрөткөн эхого айланды. Жыйынтыгы – азыркы биздин турмуш.

Албетте, Батыш менен Чыгыштын ортосундагы Экинчи Дүйнөлүк Согуштан бери келаткан “Тымызын Муздак Согуш” (Холодная Война) капысынан “жылуулукка” (“оттепель”) айланып кетиши, албетте, Улуу Британиянын Королевасы —  Улуу даражалуу Елизавета айымсыз болушу мүмкүн эмес эле. Ооба, Королеванын колдоосу менен дайындалган  “Кайратман Айым” (Железная Леди) Маргарет Тетчер Чыгыштын жаңы лидери либерал-демократ Михаил Горбачевду өзгөчө жылуу кабыл алып, “кадимки эркиндик”  жана “кадимки демократия”  деген түшүнүктөр эмнеден башталарын өз көзү менен көрсүн деген ниетте айтылуу Беккингем Сарайында коммунистик системанын алгачкы демократ лидери менен жолугушууну уюштурууга  жетишкен.

Ошентип, ошол “жексур коммунистик системаны” ичинен иритип кыйратуучу  “жылуулуктун” толкунунда өсүп жетилген либерал-демократ  Аскар Акаев өз ишин Батыштын теоретик-экономистери Шумпетер-Хайектин “созидательное разрушение” аттуу  методун колдонуп, Бүткүл дүйнөлүк  интернационалистер ырдаган: “разрушим до основания, а затем…  “ деген ыкмасы менен  Кыргызстанды “кыйратып – кайра куруу” жолуна салды.

Бир жылдын ичинде “кыйратуу” программасын толук аткарып бүткөндөн кийин, экинчи жылы “кайра куруу” программасын эмнеден баштарын билбей, илгерки Адам Смиттин “рынок сам себя отрегулирует” деген демагогикалык түшүнүктүн негизинде  АКШнын  Мамдепи сунуштаган “PESAC” программасын кабыл алып, өнөр-жай ишканаларын толук бойдон “реструктуризациялап”, б.а. бийлик өкүлдөрү жана алардын дос, тууган, тааныштары аркылуу банкрот кылып, аларды өзүлөрү эле ич ара арзыбаган тыйындарга менчикке чыгарып алышып, Борбордук Азиядагы эң күчтүү өнүккөн өнөр-жай тармагын (радиоэлектроника,  физприбор, согуштук жана космос техникасын чыгаручу завод-ишканалар), айыл-чарба техникасын чыгаруучу жана тоо-кен байлыгын иштетүүчү кымбат-баалуу механизм-жабдыктарды бир-эки жылдын ичинде кыйратып, талап-тоноп, сатып, аягына чыгышты. Ишсиз калган жумушчу калк үй-бүлөөсүн багыш үчүн алды  Америка-Австралияга, арты Казакстан-Россияга тентип, айылда калгандар айласыздан үлүшкө алган жерлерин сатып, эптеп күн көрүүгө өтүштү.  

Ал эми илим-билими күчтүү, анализ-логикасы терең, бирок көөдөнү бош, көкүрөгү керең президент мырза: “И-и, мага баары ишенет турбайбы” деген таризде, баягы: “Ат көрбөгөн минип өлтүрөт…”  дегендей, “Мен Англиянын королевасындай болгум келбейт, мен мамлекеттин толук кандуу эгеси болушум керек” деп, Шералы быякта калсын, өз билгенин кылып отуруп, акыры, асмандан кандай түшсө, ошол эле жол менен – Ак үйдүн үстүнөн вертолетко отуруп, үй-бүлөөсү менен Москвадагы Ак сарайына учуп кетти.

Бул жылдар тууралуу,  кийин-кийин, 2000-жылдардын башында, Орус Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин айтканы бар: “Годы нашей ранней независимости, особенно с 1991 по 1996 годы, были годами преступления со стороны наших правителей” деп.  Ооба, ал кишинин айткан сөзү толук бойдон Кыргызстанга да таандык, өзгөчө, ал кездеги эзилишкен эки достун, Борис Николаевич менен Аскар Акаевичтин  эрдиктерин эске алганда.

Ооба, алы жетишинче  өз билгенин кылып, эң негизгиси – парламент менен өкмөт башчысын бир жагынан коркутуп, экинчи жагынан майлап-сүттөп  (методом кнута и пряника), мурда  эле, 1989-жылы Моссоветтин алдында берген убадасын аткарыш үчүн “Кумтөр” кенин биротоло Бирштейн досуна өткөрүп берип, алган карыздарын элдин мойнуна илип,  итке мингизип коюп, талап-тоноп алган байлыгын сактап калыш үчүн Москвалык достору даярдап койгон Ак сарайына чыга берди.

Анын артынан Батыштын талап-тоноо жана кулчулук  “демократиясын” ойлонбой кабыл алган каракчы Бакиев андан ашып түшпөсө, кем калган жок.

Мындай туруксуздуктан жадаган Сэм байке (Мамдептин шефи): “Кой, бул азиаттардын жаңы демократтары биз ойлогондой иш кылбайт экен, андан көрө нацизмдин идеологу Йозеф Геббельс айткандай: “Улутту жок кылыш үчүн анын тарыхын жокко чыгарыш керек” дегендей, биз алардын жашоо-турмуш образын өзгөртүш үчүн – алардын жашоо-турмуш эрежесин, б.а. Конституциясын өзгөртүшүбүз керек болуп калды”  деген чечимге келип,  жөөттөрдүн Бүткүл дүйнөлүк форумунун расмий мүчөсү Роза Исаковна аркылуу кыска мөөнөттүн ичинде Референдум өткөртүп, жаңы Конституция кабыл алдырууга жетишти. Ага ылайык Кыргызстан парламенттик Республика болуп жарыяланып, алардын ишин көзөмөлгө алуу иретинде президенттин астында Байкоочу Кеңеш түзүлдү.

Бул жол менен башы иштебеген макулуктарды биротоло колго алыш үчүн: “Бул Конституция 10 жыл бою өзгөрүүсүз колдонулат” деген указ менен бекитилип, кол коюлган моменттен тартып ишке киришти. Ал эмгеги үчүн Убактылуу Өкмөттүн лидери Р.Отунбаева Мамдептин “Каарман аял” сыйлыгына татыктуу болду. Ошол себептен Р.И.Отунбаева Батыш идеологиясынын Кыргызстандагы гаранты катары азыркы күнгө чейин бейөкмөт укук коргоочу уюмдар жана Эл аралык феминисткалардын жардамы менен жылына 1, 2 жолу “демократияны” даңазалаган гейлердин, гомосексуалист, наркоман, проституткалардын парадын уюштуруп, Евросоюздук спонсорлордон Кыргыз мамлекетине жеңилдетилген кредит жана гранттарды бердирип турат. Ансыз С.Ш.Жээнбеков мырза кайдан акча сурап, кимге бармак эле?

Ошол себептен ал киши Роза Исаковнанын колдоосунда жана Мамдептин жетекчилиги астында: “Биз парламенттик демократиянын негизинде сот реформасын жүргүзүп, коррупцияны жеңип, адилеттүүлүктү орнотуп, аймактарды өнүктүрүү программасын кабыл алып, күнү-түнү тынбай иштеп жатабыз”-деп, бир айтканын миң айтып, эки жылдан бери элдин башын оорутуп келет.

Иш жүзүндө карапайым кыргыз элинин турмушу андай эмес экенин айтып, жазып чыккан чыгаан журналистердин асты камалып, арты “адилет” соттордун чечими менен миллиондогон карыздарга батып, карайлап турган убактары… 

Качанкыга чейин? Азырынча белгисиз.

Альтернатива барбы?  

Албетте, бар. Жогоруда аталган социалдык өнүгүү жолунда келаткан өлкөлөр буга толук далил боло алат жана алардын саны жыл санап өсүүдө. Анткени улуттук идеологиясы күчтүү, өзүн өзү сыйлаган элде башка өнүгүү жолу болушу мүмкүн эмес. Бул аксиома.

Ал эми өзүн өзү сыйлабаган, кулчулукка баш ийип, күнүмдүк кара курсактын гана камын көрүп калган манкурттарга, албетте, айла жок. Чындыгында эле, башы иштебесе кайда барат?

Ошол себептен, 30 жылдан бери Кыргыз мамлекетинин өнүгүү жолунда, өзгөчө акыркы 2-3 жылда өтө эле туңгуюкка кептелген саясий оюндардын кесепетинен жабыркаган элдин турмушу күн санап оорлоп баратканы ачуу чындык. Муну түшүнгөн, билген жана кайдыгер карап турууга адамгерчилик сапаты жол бербеген урматтуу аксакал-карыяларыбыздын көпчүлүгү башыбыздан өтүп жаткан окуяларга саресеп салып, бийликтеги, көпчүлүк убакта кесипкөй эмес, урук-тууган жана жээк-жаатардан  турган аткаруучу кызматтагы адамдарга кеп-кеңешин, билгендерин айтып коюуну эп көрүп, бизге кайрылышты эле.

Ошол, саясаттан тышкары, таза экономикалык өнүгүү жолун даана көрсөткөн  кеп-кеңештердин негизинде аракеттеги Президент мырзага расмий кайрылуу жолдоп кайрылганыбызга үч айдын жүзү болду (кирүү № ОП – 434 от 26.02.2020 ж. Президенттин поручениеси № КЛ – 1434 от 28.02.2020 ж. аппараттын 4 кызматкерине тапшырылган. Алар: Орозалиев А.А., Абилов У.Ж., Иманалиев Д.Ш. жана Бекназаров Р.А.  Президенттин жардамчысы, жооптуу кызматкер  Субанов С.А. ).

Эми, мына, карантин да бүттү, бирок Президенттик аппарат жетекчилеринен  азырынча эч кандай кабар жок. Албетте, алардын иштери көп, убактысы жок, Президент мырза түртмөйүнчө ал ишти кайра карайбы-жокпу, ким билет. Телефон чалсак алышпайт. Ошол себептен  ушул материал аркылуу Президент мырзага дагы бир жолу кабар берип коюну чечтик. Анткени эл билген, Кыргызстанды мамлекет кылып түптөөгө эмгек сиңирген инсан-карыяларыбыздын тажрыйбасы, жогоруда аталган өлкөлөрдүн өнүгүү жолу азыркы курч учурдан пайдаланып,  эртеңки бийликти басып алуу үчүн шымаланып,  жулунуп турган саясий шылуун-шүмшүктөрдөн сактап калуу максатында бетме-бет кезигип, тынчтык жана биримдик жолу менен социалдык экономикалык өнүгүү жолунун  схемасын, принциптерин тактап алып, эртеңден баштап ишке киришсек деген ниет менен дагы бир жолу кайрылып отурабыз.

Ага чейин, Президент мырза өзү чечим кабыл алгыча, урматтуу окурмандарыбыз менен Кыргыз мамлекетинде саясаттан тышкары экономикалык өнүгүү жолунун принциптери менен кыскача ой бөлүшө туралы.

Социалдык өнүгүү жолунун принциптери

Жогоруда айтылгандай, жапайы капитализмдин кесепетинен Улуу депрессияга чалдыккан АКШ эли 10 жылы кыйналса, демократ-демагог жетекчилердин кесепетинен 30 жылдан бери кыйналып келаткан кыргыз эли, азыркы учурда, мамлекеттүүлүгүн биротоло жоготуу чегине жетип калды.

Ооба, азыркы учурда эч кандай Американы ачып, эч кимди таң калтырып, “мен тигини тигинтип, муну минтип, бат эле элди жыргатып салам” деп ооз көптүрүп мактануунун эч кажети жок.

Жөн гана, прогрессивдүү адамзат басып өткөн  —  өз алдынча, реалдуу, улуттук, социалдык өнүгүү жолуна түшүп, “Ааламга жол айылдан башталат” деп ата-бабалар айтып кеткен насаат сөзүн эске алып, өз аймактык жерине өзү ээлик кылган, ак эмгеги, маңдай тери менен иштеп тапкан өз оокатына өзүнүн айылдаштарын жана мамлекетин бага турган айыл өкмөттөрүнөн баштап, райондук, облустук, республикалык масштабдагы мамчиновниктерди бекер кормушкадан бошотуп, элдин кызыкчылыгына гана иштей турган кесипкөй адистерди ишке алып, тынчтык жолу менен биргелешип иш алпарсак, балким 2 – 3 жылдын ичинде бутубузга туруп калышыбыз мүмкүн.

Бул жерде эң негизги көйгөй, албетте, мамлекеттик башкаруу систнмасы кандай болуп өзгөрөт деген суроо. Бир сөз менен айтканда, мамлекеттик башкаруу системасы, аракеттеги президенттин срогу бүткөнчө өз ордунда калабы же жокпу деген талылуу маселеге келип такалып турат.

Ошол эле убакта алдыдагы парламенттик шайлоого карата парламентти шайлоо системасы да өзгөрөбү же жокпу деген суроо бүгүнкү күндүн күн тартибинде кызуу талкууланып жатат.

Биздин негизги максат

Кыргыз элинин негизги максаты — саясаттан тышкары, улуттук, социалдык экономикалык өнүгүү жолу болгондуктан – эң биринчи кезекте саясий партиялык башкаруу системасынан баш тартуу учурдун талабы.

Анткени, Кыргызстандын акыркы 30 жылдык жапайы капитализм доорунда көпчүлүк элдин кызыкчылыгына кызмат кылып, ошол көпчүлүктүн колдоосуна татыган эч бир реалдуу саясий партия жаралган жок, албетте, терең коррупциялашкан мамлекеттик чиновниктердин партиясынан башка.

Демек, мамлекеттин мыйзам чыгаруу бийлигинде — аты бар заты жок, терең коррупциялашкан партиялардын бийлиги эмес — жергиликтүү, регионалдык жана коомдук кесипкөй ишмерлерден турган, жалпы саны жүздөн ашпаган мыйзам чыгаруу палатасы жетиштүү экени шексиз.

Ал эми саясий партиялар болсо дүйнөлүк практикада туруктуу өнүккөн, 100 – 1000 жылдан кем эмес, капиталистик өлкөлөрдө гана жаралышы мүмкүн. Ал эми саясий партиялар тууралуу Конституцияда жазылган жобо, албетте, АКШнын Мамдепи тарабынан кыргыз элинин улуттук жашоо-турмуш эрежесин өзгөртүү максатында атайын Конституцияга киргизилген диверсия. Аны азыркы Кыргыз мамлекетинин кайырчылык менен эптеп жансактап,  кулчулуктан башы чыкпаган элинин жашоо-турмушу даана көрсөтүп турат.

Ошол себептен, элибизде “жаман айтпай жакшы жок “ дегендей,  коронавирус эпидемиясынын кесепетинен ого бетер эңшерилген экономикабызды колго алыш үчүн — эч кимге жалдырабай, бир убакта Франклин Рузвельт намысына келип, кыйналган элинин башын бириктирип иш баштагандай, аракеттеги Президент мырзанын жетекчилиги астында иш баштасак  деген ой-максатыбызды жалпы коомчулуктун астында кабыргасынан коюга мажбур болуп турабыз. Анткени, мындай шартта, эл эмне кылаарын билбей, мамлекет башчысы ким менен кеңешип, эмнеден баштаарын билбей турганда дүйнөлүк прогрессивдүү адамзаттын тарыхында миң жолу кайталанып, аныкталып, такталган реалдуу, улуттук, социалдык  өнүгүү жолуна түшүп, саясий интригадан алыс, ак барактан адилет ишке киришсек деген эле ой.

Бул экономикалык өнүгүү системасынын эң негизги принциптери эмнеде?

  1. Саясий туруктуулук – кийинки Президенттик шайлоого чейин.
  2. Конституция өзгөртүлбөйт, Президенттин укугу кеңейтилбейт.
  3. Парламенттик мамлекетте  Аткаруу бийлигинин статусу жогору турат,  анткени ал мамлекеттин экономикалык өнүгүүсү, элинин жашоо-турмушу жана социалдык абалынын жогорулашы, маданиятынын сакталышы жана өнүгүүсү үчүн бийликтин бардык бутактарынан керектүү шарттарды талап кылуу укугуна ээ.
  4. Парламент элдин жана мамлекеттин гана кызыкчылыгын коргогон мыйзамдарды кабыл алып, өкмөттүн ички ишине кийлигишпейт.
  5. Президент мамлекеттин коопсуздугун, Аткаруу бийлигинин жана Сот системасынын көз карандысыздыгын камсыз кылат.

Мындай шартта бийликтин бардык бутактары  Аткаруу бийлигине кызмат кылат. Аткаруу бийлиги болсо Айыл өкмөтүнөн башталат.

Демек, мамлекеттик бийликтин бардык бутактары эң алгач айыл жергесинде калыптанып, андан райондук, облустук жана республикалык Аткаруу бийлигине чейин өсүп жетилип,  жалпы мамлекеттин экономикасы, элдин жашоо-турмушу,  социалдык абалы жана толук кандуу маданияты үчүн керт башы менен жооп берет.

Ошол эле убакта азыркы аракеттеги башкаруу системасындагы кызматкерлер өз ордуларында калышы менен бирге эмгек акысын конкреттүү ишке кошкон аракетинин натыйжасында келип түшкөн кирешенин көлөмүнө жараша алат.

Ар бир райондук, облустук жана республикалык мамчиновниктин ар биринин иши конкреттүү тармактын конкреттүү иши менен байланыштуу.

Кадр маселеси болсо биринчи кезекте айыл өкмөтүнүн деңгээлинде каралып, айыл кеңеши аркылуу бекитилип, алардын өсүшү райондук, облустук жана республикалык кеңештин кароосунда аныкталат.

Мамлекеттик кесиптик жана жогорку окуу жайлары айыл өкмөттөрүнүн жана өндүрүш жетекчилеринин талабына ылайык түзүлгөн программа  аркылуу ишин улантат.

Мамлекеттик укук коргоо, сот, күч органдары эң бинринчи кезекте мамлекеттин эмес, катардагы жарандардын укугун коргоого жана алардын кызыкчылыгын сактоого багытталат.

Анткени буга чейин элди талап-тоноп, сатып-байып көнгөн бийлик өкүлдөрү дароо эле эл менен чогуу иштеп, же болбосо ичип-жегенин кусуп бере койбойт. Аларды акырындап тынчтык жана адилеттүлүк жолу менен иш алып барууну үйрөтүп, көрсөтүп, түшүндүрүп, чыгарган продукцияны мамлекеттик деңгээлде экспорттоп, сатып, кирешесии ар биринин кылган кызматы, эмгегине жараша бөлүштүрүп, андан аркы өнүгүү жолуна жумшап, реалдуу экономиканы көтөрүп, элдин турмушун жакшыртуу – эң негизги максат экени шексиз.

Бул, биз тандап алган улуттук, социалдык жана көз карандысыз экономикалык өнүгүү жолунда эч кандай саясий талаш-тартыш, интрига же дагы бир, күтүүсүз, атайын уюштурулган провокация болушу мүмкүн эмес. Анткени, чын-чынына келгенде, бул жол менен кыргыз элинин кылымдар бою эңсеп келген бактысы үчүн биздин шам чырактай болгон эр жүрөк уулдарыбыз, алардын ичинде Алымбек датка, Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков, Султан Ибраимов, Насирдин Исанов мырзаларыбыз ошол убактагы кыргыз элинин саясий интриган жана чыккынчы-душмандарынын колунан курман болушкан.

Биз аларды эч качан унутпашыбыз керек! Анткени акылман Бакай атабыз айткандай: “Кыргызга душманды алыстан издеп кереги жок” деп.

Абыке, Көбөштөр ар дайым ар бир бийликтин тушунда тикесинен тик туруп, качан жаздым болоор экен деп чыдамсыздык менен күтүп турушат. Эгерде, капысынан астыңа келип калса – эки-үч бүгүлүп, төрт буттап чуркашат.

Сак болгула, айланайындар, сак болгула. Убакыт тар. Иш көп. Ушундай кыйын кезеңде бири бирибиздин кеп-кеңешибизди угуп,  бирикпесек, эртең эштектердин жеми болоорубуз – турган иш. Бүгүн дагы кеч эмес. Анткени, ошол кыргыз элинин бактысы үчүн  курман болгон эр-азаматтарыбыздын, уул-кыздарыбыздын арбактары ар бирибиздин үйүбүздө, ар бирибиздин үстүбүздө күн сайын келип карап турушат: “Качан биздин силерге калтырган мурасыбыз, аруу тилегибиз аткарылат?” деп.

Кана, айткылачы, айланайындар , кимиңер бул суроого жооп бересиңер?

Ал эми айылда таза сууга жетпей, ата-энеси тирүү туруп жетим өскөн неберелерин тың бага албай кыйналган карыларга көңүл буруп, ууру-кески, митаам-шылуундардан кордук көрүп  үй-мүлкүнөн  ажыраган шордуулардын арыз-муңун угуп, кимиңер кор болуп кайтып келген мигрант уул-кыздарыбызга  иш таап берип, элибизди, элиңерди эл катары бакканга жарайсыңар? Суроо көп. Жооп жок. Качанкыга чейин?

Эми, урматуу окурманым, анча болду, сабырдуулук кылып, дагы бир аз күтө туралы. Анткени,  өзүңүздөр түшүнүп тургандай,  иш көп, убакыт аз.

Бул жерде бир гана  каалоо-өтүнүч болушу мүмкүн: Ай, ат-т-а-а, ушулар ушинтип,  укмаксан, көрмөксөн, билмексен болуп отурушуп, биротоло кечигип калышпаса болгону…

Oper.kg