Домой Коом / Общество Эл Жапаровдон чечкиндүү кадамдарды күтөт! 

Эл Жапаровдон чечкиндүү кадамдарды күтөт! 

Бүгүн президент Садыр Жапаров жаңы кабыл алынган Конституцияга кол койду. Муну менен ал бардык жоопкерчиликти өз мойнуна алды. Мындан ары Жапаров жеке өзү чечкиндүү кадамдарды жасашы керек. Анткени кечээги Баткендеги тажиктер менен болгон чек-ара чыры Жапаровдун деңгээлин көрсөтүп, кадыр-баркына бир топ эле көлөкө түшүрүп койду. Эми чечкиндүү кадамдар менен гана ийгиликтерге жетиши мүмкүн. Эң эле биринчи, таза кадрлар, жаңы жүздөрдөн турган команда түзүүсү зарыл. Ошондой эле, саясатчыларга, активисттерге, журналисттерге болгон куугунтуктоону токтотушу керек! Батышчыл, НПО деген бөлүнүп-жарылууларга, аларды куугунтуктоого жол бербеши керек! Ошондой эле, өзү айтып жаткан, өлкө казынасын 20 миллиард дефицитке отургузуп кеткен Сооронбай Жээнбековдун экс-макамын алып, тез арада жоопко тартуусу абзел. Учурда коомчулук, Садыр Жапаров Жээнбеков менен соодалашып алганын, ошол себептен ал жана командасы жоопкерчиликке тартылбай жатканын байма-бай айтып келишет. Учурда Жээнбеков айланасында калган анча-мынча адамдар менен күзгү шайлоонун камын көрүп жатканы эле көп нерседен кабар берет. «Чала өлгөн жылан чакса жаман» дейт. Анысы кандай, Жээнбековдун ичинде бугу чыкпай, кекенип калганы айтпаса деле белгилүү болуп турат. Андан сырткары, досу Камчыбек Ташиев менен кеңешип-кесип, таарынбагыдай тилин таап отставкага келтирүүсү зарыл. Учурда Ташиевдин жүрүштөрүн коомчулук терс кабыл алууда. Бул маселе учурда өтө орчундуу болуп турат. Коомчулук, Жапаровдон, «досуңду танда же өлкөнү танда» деген талаптарды ачык эле коюп жатышат. Кыскасы эл мындан аны президент Жапаровдон чечкиндүү жана жүрөктүү кадамдарды күтөт! Калганын убакыт өзү көрсөтөт…