Домой Коом / Общество Шеров Бакыт аттуу ишкер, Башкы прокурордун орунбасары Нуркамал Набиев бизнесин рейдерлик жол...

Шеров Бакыт аттуу ишкер, Башкы прокурордун орунбасары Нуркамал Набиев бизнесин рейдерлик жол менен тартып алганын айтып, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке “Дархум курулуш” ЖЧКнун өкүлү Шеров Бакыт Адамалиевичтен

            Арыз

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!
Менин Сизге арыз жазуумдун себеби төмөнкүчө:

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары А.Т.Токтобаев жана КРнын Башкы прокуратурасынын биринчи орун басары Нуркамал Бурханович Набиев кызмат абалдарынан пайдаланып алдын ала сүйлөшүп алып, жокко чыгарган.

Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин комиссиясы 4-март 2020-жылы №06-Н-20 протоколу менен КРнын Жогорку Сотунун чечимин аткаруу протоколун жокко чыгарган.

18-ноябрь 2020-жылы №29 -Р-20 протоколу менен Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин комиссиясы биздин административдик кайрылуубузду колдоп КР Жогорку Сотунун чечимин аткарып, “Дархум Курулуш” ЖЧКна көмүр кенине лицензия берүү жөнүндө чечим чыккан.

20-ноябрь 2020-жылы бир эле жумадан кийин эч кандай документсиз мыйзамсыз №30-Н-протоколу менен Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин комиссиясы төрагалык кылуучу А.Т Токтобаев кызмат абалынан пайдаланып 18-ноябрь 2020-жылы №29-Н-20 чыккан протоколун комиссиянын мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып коррупциялык жол менен КРнын Жогорку Сотунун чечимин мыйзам чегинде аткарбай , айтылган протоколду жокко чыгарышкан (кайсы мыйзамдын негизинде комиссияга чыгарганы белгисиз).

Бул чечимге Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары А.Т.Токтобаев жана КРнын Башкы прокуратурасынын биринчи орун басары Нуркамал Бурханович Набиев кызмат абалдарынан пайдаланып, алдын ала сүйлөшүп алып, коррупциялык жол менен КРнын Жогорку Сотунун чечимин аткарууга жол тосуп, коррупциялык иштерин ишке ашырган.

Бул коррупциялык жолго КРнын Башкы прокуратурасынын биринчи орун басары Нуркамал Бурханович Набиевдин түздөн түз тиешеси бар. Себеби коррупциялык жол менен ушул көмүр кенине болгон жер аянтын жеке ишканасына “Кен Ордо” ишканасына өткөрүп алган. Аны бир тууган иниси Набиев Азамат Бурхановичке каттатып койгон.

Жогоруда аты аталган адамдар кыргыз элине чын иштейбиз, коррупция кылбайбыз деп ант беришкен, бирок антына турушкан жок. Беш жылдан бери күрөшө берип айлабыз калбады. Ушуга байланыштуу жогоруда айтылган адамдарга мыйзам чегинде чара көрүп мыйзамдуулукту орнотуп берүүңүзду суранабыз. Жогорку Соттун чечими Кыргыз Республикасынын атынан чыгат. КРнын Жогорку Сотунун чечимин аткаруу жөнүндө көзөмөл жүргүзүүңүздү суранам.

Арыз ээси: “Дархум Курулуш” ЖЧКнын өкүлү

Шеров Бакыт Адамалиевич.

Дареги Бишкек ш. Фучик к, уй №58. Тел 0775950900