Домой Коом / Общество Атамбаевди саткан дагы бир депутат камалды

Атамбаевди саткан дагы бир депутат камалды

Экс-президент Атамбаевдин СДПК партиясынан Бишкек шаардык кеңешке, андан соң Жогорку Кеңешке депутат болуп чартаңбай тээп жүрүп, кийин Атамбаевди сатып кеткен досу президент Сооронбай Жээнбековдун командасына кирип, анда «Биримдик» партиясын жетектеп өткөн жылы 5-октябрда парламенттик шайлоого барган депутат Марат Аманкулов камакка алынды. Ага карата «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Текшерүү учурунда Аманкуловдун 1,5 миллиард сомдук байлыгы бар экендиги аныкталды. Эми анын канчасы мамлекетке кайтарылат, канчасы өзүндө калат белгисиз. Балким миллиондорду төгүп эркиндикке чыгып кетиши да мүмкүн. Ии баса, бул жигит эми Жээнбековдорго каршы көрсөтмө бериши да мүмкүн экендиги каңкууланууда. Ким билет, балким эркиндикке чыгыш үчүн тергөө менен кызматташып кетүүгө да даяр болсо керек.

Oper.kg