Домой Коом / Общество Садыр командасына Темирлан Султанбековду алыш керек

Садыр командасына Темирлан Султанбековду алыш керек

Президент Садыр Жапаров командасын жаңылап, жаңы жүздөр менен толукташ керек. «Мекенчил» партиясындагы санаалаштары башка партияларга кирип кетишти. Жарымы Садырга каршы иштеп баштады. Учурда Садырга тирек-жөлөк болчу бир гана Темирлан Султанбеков жана анын командасы. Эртең эле Садыр Жапаровдун башына кыйын күн түшкөндө ушул эле Темирлан, көлдүктөр «даканса» туруп беришет. Керек болсо 5-октябрдагы революциядан кийин башка жаштар кызмат сурап, талап коюп жатканда, Султанбеков, «Жапаровду колдойлу, мамлекеттин тынчтыгын ойлойлу, укуктук талаага түшөлү»- деп турган. Болбосо ал дагы кызмат сураганга акылуу болчу. «Эмгек» партиясына лидер болуу сунушунан баш тартып, Жапаров агасына каршы чыкпасын билдириптир. Темирлан башы иштеген, билимдүү, Орусия бийлиги менен тыгыз байланышы бар өзгөчө жигит. Жаш болгону менен колунан көп жакшы иштер келет. Бул жигитти Жапаров командасына алып пайдаланышы керек.

Oper.kg