Домой Коом / Общество Акылбек Жамангуловду коллективи жылуу маанайда узатышты

Акылбек Жамангуловду коллективи жылуу маанайда узатышты

Акылбек Жамангулов өзүн жаш менеджер катары көргөзүп, өлкө үчүн ат көтөргүс иштерди жасай алды десек болот. Бүгүн ал ээлеген кызматынан башка жумушка которулганына байланыштуу өз ыктыяры менен кетти.

Фейсбуктагы баракчасына Акылбек мырза төмөндөгүчө жазып, Мегакомдун жааматына ыраазычылык билдирди.

Текст өзгөртүүсүз берилет:

«Катардагы кызматкерби же жеткечиби, сенин ким экениң маанилүү эмес. Баарыбыз ал кызматтан өз орду менен бошоп кетүүнү билишибиз керек. Мага карата чын жүрөктөн айтылган ыраазычылык жана каалоо тилектер үчүн MegaCom’дун жалпы жамаатына ыраазычылык билдирем. Ошол эле учурда мен дагы ар бир кызматкердин жасаган эмгегин баса белгилеп, компаниянын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн рахмат айтам.
MegaCom’до эмгектенип жүрүп, мен өз ишин мыкты билген адистер, мыкты адамдар менен тааныш болдум. Кесиптештериме бардык жакшылыктарды каалайм! Биз атамекендик уюлдук операторубузду ар качан колдоп турмакчыбыз.»-деп жазат Акылбек Жамангулов.

Oper.kg