Домой Коом / Общество Президенттин маалымат саясатын жүргүзүү Галина оозун боёгондой эмес…

Президенттин маалымат саясатын жүргүзүү Галина оозун боёгондой эмес…

Президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Галина Байтерек сулуулангандан башканы билбейби? Негизи маалымат саясатын жүргүзүү, Галина оозун боёгондой эмес да. Ал жерге маалыматты мыкты анализ жасай билген аналитик керек. Президенттин иши маалымат катчысынын деңгээлине жараша жүргүзүлөт. Чабал, мажүрөө болсо, президенттин иши көзгө көрүнбөй калат. Учурда Садыр Жапаровдун маалыматтык саясаты өтө эле мажирөө жүрүп жатат. Сооронбай Жээнбековдун пресс катчысы Толгонай Стамалиеванын деңгээлинен өйдө боло алышкан жок. Стамалиева акыркы күндөрү өзү чыкпастан, президенттин сүрөтчүсү Султан Досалиев аркылуу маалымат тарата баштаган. Ошол ойдо жок салтты эми Галина Байтерек улантып жатат. Уят эле. Галинага караганда ырчы Анжелика жакшы иштеп бермек, ар бир ишинен хайп жаратып…

Oper.kg