Домой Коом / Общество Абдил Сегизбаевди камакка алуу планы иштелип жатабы?

Абдил Сегизбаевди камакка алуу планы иштелип жатабы?

Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевдин таскагы катуу кетүүдө. Ошону менен катар Садыр Жапаровго атаандаш жалгыз саясий фигура болуп калды. Сегизбаевде сакталып турган аудио-видео жана документалдуу компроматтар ачыкка чыгып кете турган болсо иштин бүткөнү дей бериңиз. Учурда Жапаровдун жүрөгүнүн үшүн алган ошол компроматтар болушу мүмкүн. Болбосо эмнеге бүтүндөй бир УКМК жалгыз Сегизбаевдин артынан түшүп, ага жасалма кылмыш ишин козгоону көздөп жатат?! Демек бир мандемдүү иш бар. Кандай болгон күндө да, Абдил Сегизбаев чоң саясий оппозициялык фигурага айланып калды.

Oper.kg