Домой Коом / Общество “Жаштар үйү” жатаканасында жашоо мүмүн эмес

“Жаштар үйү” жатаканасында жашоо мүмүн эмес

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жатаканасынын абалы мышык ыйлай тургандай. Эскилиги жеткен имаратты капиталдык ремонттон өткөрүүгө атайын акча каражаты бөлүнгөн. Эки кабаттуу эски жатакананын эшик, терезесин алмаштырып, ичи-башын сырдап, жатакананы жалтыратышкан. Кеч күздө бөлмөлөрдүн ичи ным тартып, баягы аппак терезенин бурчтары көгөрүп,  бөлмөнүн ичи каңырык жара тургайдай көк жыттанат. Жатакананын жаашоочуларынын бири Рахат Акматова бул боюнча жетекчиликке арызданган. Жетекчилик атайын комиссия түзүп, көзөмөлгө алынарын айтат. Текшерүүгө келген комиссиянын мүчөлөрү үстүртөн карап, жетекчиликке ремонт иштеринен эч кандай кынтык таппаганын айтат. Чын чынына келгенде жатакананын ичи ным тартып, каңырыкты жарып көк жыттанып турат.

Ошондой эле, жатакананын жашоочулары айына киши башына 1800 сом төлөп жашашат. Бир бөлмөдө 2-3 киши жашайт. Эки кабаттуу жатаканада жалпысынан 100дөн ашык киши турат. Жашоочулардан түшкөн акча жаткананы оңдоп, түзөө иштерине жумшалары айтылат. Бирок, он жылдан бери  жатаканын шкаф, керебеттердин алмаштырылган эмес. Көпчүлүгү сынып калган. Жашоочулардан түшкөн акча каражаты кайда жумшалат деген суроо жаралат. Бул боюнча жатакананын жашоочусу  Рахат Акматова Жогорку Кеңештин депутаттарына жана “Кыргыз темир жол” ишкасынын жетекчилерине ачык кайрылып, жатканада жашап жаткан жашоочулардын жашоо-турмушу менен таанышып кетүүсүн өтүндү.

Oper.kg