Домой Коом / Общество Сооронбай качан камалат?

Сооронбай качан камалат?

Сооронбай качан камалат?

Президенттик мөөнөтүн аягына чейин тыңдап иштей албай калган Сооронбай Жээнбеков, үч жылдын ичинде өлкөнү сазга батырганы ырас. Мына ошонун айынан мамлекетте кризис катуу күч алып, карапайым эл азап чегип жатат. Өзү болсо уялбай мамлекеттин эсебинен жүз миңдеп пенсия алып, ичип-жеген тамак-ашы бекер резиденцияда үй бүлөсү менен багылып жатат. 5-октябрдагы кагылышууда курман болгон Үмүттүн өлүмү үчүн, көзүнөн айрылып, колунан айрылып майып болуп калган жигиттер үчүн Сооронбай Жээнбековго кылмыш иши козголбой жатышы эмнени каңкуулайт? Элге карата милиция өзү эле ок чыгарган жок да. Ак үйдөн команда берилгени үчүн ок атылып, граната жарылды да! Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бул боюнча чечкиндүү кадамдарды жасап, Сооронбай,  үкөсү “серый кардинал” Асылбекти кошуп камакка алып, кылмыш иштерин козгош керек. Ошондо акыйкаттуулук болот. Болбосо карапайым калк чийки май жегендей болуп калат…

Oper.kg