Домой Аналитика “Тогуз айдан бери «Чоң Казаттын» ишине кийлигишпей, олку-солкулар пайда болду”

“Тогуз айдан бери «Чоң Казаттын» ишине кийлигишпей, олку-солкулар пайда болду”

Ачык маек
Турат Акимов, саясий серепчи:

“Тогуз айдан бери «Чоң Казаттын» ишине кийлигишпей, олку-солкулар пайда болду”

Өлкөдө болгон акыркы окуяларга, бийликтин алмашуусуна жана элди көтөрүп, күрөшүүгө үндөп, ойготконго «Чоң Казаттын» салымы чоң болду. Ошол себептен «Чоң Казат» партиясынын түптөөчүсү, белгилүү журналист, аналитик Турат Акимов менен маек курдук.

Турат ага, «Чоң Казат» партиясынын түзүүчүсү, идеологу деп Сизди билебиз. Негизинен бул партияны түптөөгө эмне түрткү берди?

— Мен идеология жаатында эмгектенип келем, гезит, телевидение тармагында. Көп ойлончумун, «эмне үчүн мамлекеттик идеология куралбай жатат?» — деп. Кыргыздын идеологиясы мурда бар болчу, кийин жок болуп кеткен. Анткени Совет доорунда коммунизм сиңип кеткен. 70 жыл Совет доорунда жашагандан кийин улуттук идеология көмүскөдө калып, илимий коммунизмдин теориясынын негизинде курулган.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери 30 жылда өзүнүн олуттуу идеологиясын жарата албай койду. Эмнеге? Себеби бийлик башында отургандын баары коррупцияга малынган элита болуп калган. Андыктан алардын билим-илим менен иши жок болуп эле, жалаң акча жасамайга кызыгып кеткен. Ошондуктан мамлекетибиз олку-солку болуп, 10 жолу Конституция алмашып, эки президент качып, бирөө камалып, беркиси шыпырылып түшүп, иши кылып ушундай болуп жүрөбүз…

Анан мен ушунун баарын ойлоп жүрчүмүн. Акыркы 50 жыл ичинде тез көтөрүлгөн мамлекеттердин тарыхын карап көрдүм. Алар: Түштүк Корея, Япония жана Кытай өлкөсү. Эмне үчүн булар өнүгүп кетти? Кандай теориянын негизинде умтулуп, жетишишти?

Билесиң, Японияга 2 атом бомбасы түшкөн. Ошондо япондуктар такыр чөгүп, өзүлөрүн кем сезип калган. Чоң согушту уттуруп коюшкан. Кийин булар «Самурайдын жолу» деген улуттук идеологияга таянып, самурайлык духтарын көтөрүп чоң эркиндикке, экономикалык чоң жеңиштерге жетишип, азыр зор мамлекеттердин алдында турат.

Ошондой эле Түштүк Кореяда да Франция-Корея согушу болгон, андан кийин булар да ойлонуп «Жолборс секириги» деген идеологиялык доктрина чыгарышкан. Анын негизинде элин окутуп-чокутуп отуруп экономикалык кубаттуу секирик жасай алышты.

Кытайлыктар да өтө начар жашаган мамлекет эле. Эли да самандай көп болуп, ошончо элди багыш, тойгузуш кыйын болгон. Булар да жогорудагы аталган өлкөлөрдү карап көрүп, «Ажыдаардын учуусу» деген теория ойлоп табышкан. Ошонун негизинде өнүккөн өлкөгө айланышты.

Мен да ойлондум кыргыздын духун кайсы идеология көтөрөт деп. Санжыра, тарыхка кайрылып көрдүм. Өзүмдүн атам да чоң санжыра, уламыштарды жакшы билген адам болчу. Изденип, кыргыздын өткөн тарыхына таянып келип карасам, бизде «Манастан» өткөн идеология жок экен!Манастан өткөн баатыр жок экен! Аныкынан өткөн эрдик, жеңиш болбоптур. Орто жолдон, орто кылымдарда көп эле баатырлар болгон, бирок алар Манастай улуттук ураанды эч ким көтөргөн эмес. Манастын урааны: «Кулаалы таптап куш кылдым, курама курап журт кылдым!» деген. Талаада калган, бири — эренге, бири — тереңге чачырап кеткен элди жыйнаган баатыр. 3 күн ойлондум. Кыйналдым… Анан «Чоң Казат» деген ат оюма келди. Анын үстүнө 2009-жылы эпос Кытайга кетип калат дегенде коргоп, катчы болуп кыймылга катышып жүргөм. Ошондо «Манас» эпосу бизге да, Кытайларга да катталып калды. Анан ошентип эпосту кайра окуп чыгып, «Чоң Казатка» токтолдум. Эмнеге дебейсиңби? Мен тилчи болом. Тилде «кыймыл-аракеттин»  белгиси деген бар. Мисалы бизде көпчүлүк партияларга «Ата-Мекен», «СДПК», «Республика» ж.б. аттарды коё беришкен. Бирок булар жөн эле түшүнүк, сөздүн ичинде кыймыл-аракет жок. Ал эми «Чоң Казат» деген кыймылды билдирет. Бул сөздүн өзүнүн күчү бар: чоң казат, чоң жеңиш жана чоң күрөш. Буга абдан бир олуттуу нерсеңди арнашың керек: аң сезимиңди, энергияңды жана бардык иш аракеттериңди.

Башында уюштуруучулардан 9 киши болчубуз, кийин экөө кайтыш болуп кетти. Анан жетөөбүз ушул идеяга токтолдук. Өзүм идеология жаатында иштегенден кийин аларга да түшүндүрүп жаттым. Бизде «Чоң Казаттан» башка улуу жеңиш болгон эмес: Кытайдын дубалдарын талкалап, Бейжинди басып алган. Чачылган кыргызды жыйнап, бир муштум кылып чогулткан. Азыр болсо биз артка кетип, бөлүнүп-жарылып, түндүк-түштүк, партиялык, партиялык эмес ж.б. деп чачырап отурганбыз болбойт! Биз дагы Манас бабабыздын жолун улап, тарап кеткен кыргызды кайра жыйнап, бир коломтонун астына чогулта тургандай болушубуз керек — деп ушул атка токтолдук.

Манас элибизде ыйык деп саналат. Буга чейин «Кыркчоро» деген кыймыл түзүлүп, аялдар менен эле күрөшө бергендиктен күлкүгө айланып жүрөт. Сиз жоопкерчиликти сезип, «Чоң Казаттан» бийликке келген лидерлеринин бири жолунан жаза тайып, булганып калып, Манастын атын булгап алуудан коркпойсузбу?

— Акыркы 9 айда партиянын ишине кийлигишкен жокмун. Анткени жубайымдын оорусуна байланыштуу чет өлкөдө жүрүп калдым. Ошондуктан партияда олку-солкулар пайда болду. Туура эмес кыймылдар пайда болду. Кийин келсем булар кыймыл катары күүлдөп аткан экен. Бирок, кыймыл — бул партия эмес, өз ыктыяры менен бириккен эркин уюм. Менин партияма тиешеси жок болгондон кийин кийлигишкен жокмун. Сырттан эле карап турдум.  Ошондо мага Мамытканов айтты, «Кыймылдан жакшы балдарды тандап атам, буюрса аларды партияга киргизип, парламенттик шайлоого аттанабыз», — деп. «Макул» деп жүрө бердим. Партиянын каттоосун БШКга өзүм кол коюп өткөрдүм. 15 күндө БШКнын жарлыгы чыккандан кийин Мамыткановго өткөрүп бердим. Себеби мен чет жакта жүргөндө «Чоң Казат» кыймылы Мамыткановдун тегерегине чогулуп, ынтымакка келип калышкан экен. Ортодон мен келе калып, «жок, бөлөкчө кылабыз, башкача басабыз» десем көбү түшүнбөй калмак. Эки анжы болуп калмак, анткени Мамыткановго ишенип калышкан, ошон үчүн бузган жокмун. Ушу тартипте, кандай болсо, ошондой болсун дедим. Бирок, өксүк жери, мен жок болуп калып, идеологиянын түшүнүгү кармалбай, туура эмес кыймылдап кеткен жерлери бар. Ага көзүм жетип турат. Сен айтып жатпайсыңбы, «коркпойсузбу?» деп, чынын айтсам, корком. Эмнеге? Манас ата бизде ыйык киши. Атабызды чочутуп, ойготуп, арбагын козгоп алгандан кийин биз «Чоң Казатка» жарай турган иш кылышыбыз керек.  «Чоң Казат» —  Манас атабыздын касиет күчү! Атты тандап жатканда тарыхты карагам дебедимби, буга чейин бир да жолу, 1 000 жылдан бери атабыздын «Чоң Казат» ураанын эч ким көтөрбөптүр, көтөрө албаптыр. Ал эми Совет доорунда эпосту көтөргөндөн да коркушчу экен, себеби Совет идеологиясына, коммунизм теориясына каршы болуп, алгачкы илимдүү-билимдүү аалымдарыбыз көп куугунтуктарга туш болуп калышкан. Ошондуктан мен «Манас атабыздын ураанын көтөрө албасак, биз анда эмне деген кыргызбыз? Эмнеге жарайбыз? Ушинтип чүнчүп жүрө беребизби?», — деп, өзүмө эрдик алып, балдарга да айттым. «Атабыздын арбагы менен ойнобогула! Анын ишин булгабагыла! Арбагын козгоп койгондон кийин башыбызга катуу тиет. Атабыздын туусун көтөрүш өтө оор болот», — деп. Чын эле жолубуз оор болду. Ар кандай окуялар болуп кетти. Биздин балдардан да кандайдыр бир иштерге илешип калган учурлар болуп калды. Бирок, буюрса туура эмес кеткен жерлерибизди оңдоп, түзөйбүз деген ойдо жүрөм.

Өткөндө партияңыздардын лидерлеринин бири, «Чоң Казаттын» идеясынын аягына чейин турдум» деген таризде социалдык тармакка жазып чыккан экен. Ошондо «Чоң Казат» өзүнүн миссиясын аяктадыбы? Негизги максаты бийликке эле жетүү беле?

— Идеологиянын маңызын идеолог түшүнөт. Көп элдер аң сезимине, билимине, илимине жараша кабыл алат. Мисалы, «Чоң Казат» — чоң процесс. Элдин аң сезимин, намысын ойготуш, рух-кайратын жаратыш жана кыргыздын жерин бербөө, экономиканы гүлдөтүү, кыргызга каршы иштегендерди жеңүү — бул көп кырдуу процесс. Бир эле Ак үйдү алып койсо эле жеңиш болуп калбайт. Экономиканы кантип көтөрөбүз, сырткы карыздан кантип кутулабыз? Биздеги улам келген президентти мактаган кошоматчылыкты кантип таштайбыз? Жакшы билесиң, КТРКга ким келбесин бийликти мактап жата берет. КТРКны көрсөң эле өлкө гүлдөп атат, эшикке чыксаң тескери көрүнүш…

«Чоң Казаттын» идеологиясында кыргыз кыргызды кырбаш керек, кыргыз кыргызга от чыгарбаш керек, бирин-бири уят кылбаш керек, бирин-бири басмырлабаш керек!

Экинчи процесс — Кыргызстанды коомдук, теңдик мамлекетке айлантуу. Эмне үчүн? Биздин мамлекет өтө кичинекей. Кыргыздын байлыгын он эле олигарх бөлүп алат. Ошондуктан бизде  олигархдык капитализмди куруу кооптуу. Анткени өлкөнүн байлыгы 10 пайыз адамга гана таандык болуп, калган 90 пайызы жакыр болуп калышы мүмкүн. Анын сыңарындай «Чоң Казаттын» кайра жаралуу процессин элге сиңирүү үчүн өтө татаал жолдорду басуу керек. Ал үчүн сөзсүз бийликке келүү кажет. Эмнеге? Бийликке келгенде гана сенде башкаруу рычагы пайда болот. Ошондо гана коомду өзгөртө аласың. Таасир бере аласың. Мисалы, КТРКга туура программаларды койдурасың. Бажыга туура кадырларды тандайсың ж.б.у.с.

Турат ага, эми кийинки кадамдарыңыз кандай болот? Мында өзүңүз киришип, жогоруда айтылган ойлоруңуздарды ишке ашырууга белсенесизби?

— Алдыда партиянын жыйынын өткөрөйүн деп жатам. Анткени бизде 4-5 лидер болгон. Төрагабыз — Мамытканов. Лидерлер көп: мен өзүм, Жапыкеев, Осмонов ж.б. ортодон кошулгандар бар. Бирок лидерлер көп боло берет, төрага бирөө гана. Ушуну түшүнүш керек, лидер десе эле Текебаевдин партиясындай көрө бербей. Партияда ар ким ар кайсы багытта иштегендер. Ошондуктан биз көп багыттуу партия кылалы деген оюбуз бар. Маселен бирөө экономиканы, бирөө күч түзүмдөрүн, коопсуздук жагын жакшы билген ар тармактагы адамдар топтолгон. Буюрса жакында чечкиндүү стратегияны кайра түзүүнү көздөп жатам. Себеби «Чоң Казат» элдин аң сезимин ойготту. Карапайым калк күрөшүү керек, илгеркиче жашаган болбойт, жаңылануу кажет экенин түшүнүп калышты. Азыр чоңдор деле баш ийгенге макул. » Эй ууру, кыргыздын кунун жебе!» десе, «амнистия берсеңер төлөп берем» деп калган. Анткени эч ким запкы тартып, түрмөгө камалгысы келбейт.

Жогоруда айткандай, кайра жаралуу процесстери болуп жатканда, албетте мурунку системанын адамдары кетип, жаңы муундун адамдары келе баштайт. Мурунку коррупцияга байланган системанын баары өлүп, жаңы айкын экономика, кадр саясаты, тышкы жана ички саясат пайда болот. Заман алмашып, жаңы муун келет.

1991-жылы төрөлгөн бала азыр 30га чыкты. Ал балдар 30 жыл өмүрүндө эмнени көрдү? Кыргызстан — түбөлүк коррупцияга баткан, алсыз, кошуналар кол салган, экономикасы өнүкпөгөн, банкрот мамлекет деп көрүштү. Эмне үчүн? Анткени 91-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин ички дүң өндүрүшүбүз 1200 доллардан ашпай койду. Орточо эсеп менен ар бир жарандын бир айда тапкан кирешеси 200 доллардан аша элек. 200 долларды 30 жылдан бери көбөйтө албай койдук. Бирок өлкөнүн карызы жылдан-жылга өсүп жатат. Чек аралар кемтилип, азайып баратат.  Мына ушундай көрүнүштөрдү токтотолу деген таризде парламенттик шайлоого аттанып, күрөштүк. Дагы да күрөшө беребиз… (Уландысы кийинки санда)

«Ачык Саясат плюс»  гезити