Домой Аналитика Бул – Улуу Жыйынбы же Курултайбы?

Бул – Улуу Жыйынбы же Курултайбы?

Бул – Улуу Жыйынбы же Курултайбы?

Бул жөн эле суроо эмес. Анткени кыргыз элинин акыркы миң жылдык тарыхында кыйчалышкан кырдаалдардын көптүгүнөнбү же ички душмандарыбыздын күчтүүлүгүнөнбү, айтор, эмне болгон күндө дагы, акыркы Улуу Кыргыз Каганатынын кыйрашы менен бирге ата-бабаларыбыз Сибирден Алтайга, Алтайдан Тянь-Шань,  Памир-Алай тоолоруна чейин оошуп отуруп, акыры азыркы жергебизди жердеп,  өзгөчө акыркы 30 жылдан бери, коңшуларга салыштырмалуу, эптеп-септеп эле, жан соогалап күн кечирип келе жатканыбыз жалпы журтка жакшы белгилүү…

Мындай күтүүсүз суроонун пайда болушуна, албетте, акыркы күндөрдөгү башыбыздан өтүп жаткан тагдыр чечүүчү окуялардын өтүп жатышы себеп экенинде шек жок.

Анткени, кыргыз элинин кылымдар бою эңсеген эркиндиги,  анын Жараткандан жалгаган теңдик менен адилеттүүлүгүнүн сыры жана көөнөргүс руханий байлыгынын көктөн күткөн насиби күтүүсүздөн алдыбызга келип турганы — аргасыздан ишенип-ишендирбей, ары толгонуп, бери толгонуп отуруп, ойлонот экенсиң:  “Чын элеби?” деп.

Эгерде чын болсо – баатыр ата-бабаларыбыз айтып кеткендей: “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, бир эл, бир муштум болуп, Кудайдын берген насибин колго алып, пейли жаман пенделерден коргоп, ниети жаман нигилистерден сактап, ар бирибиз аракеттеги бийликтин белине бел, колуна кол болуп беришибиз да шексиз.

Бул суроонун чыккан себеби

Өткөн 29-октябрда “Дасмия” конок үйүнүн жыйындар залында Кыргызстан элинин Аксакалдар Кеңешинин демилгеси менен Улуттук Улуу Жыйын-Курултай болуп өттү.

Эртеси, 30 октябрда  өткөн жыйындын иштери боюнча Кыргыз Эл Аксакалдар Кеңешинин төрагасы “Ала – Тоо -24” программасына интервью берип жатып: “Биз жакынкы арада Курултайдын жыйынтыгын чыгарып, анын расмий чечимин жалпы коомчулукка жарыялайбыз” деп айтты.

Айтайын дегеним: “Ошол чечим кабыл алардан мурда, эң негизгиси, кыргыз элинин мындан аркы өнүгүү жолунда –  кыргыз элине гана таандык “Улуу  Жыйын” деген түшүнүгүн кабыл алабызбы же, илгерки моңгол элине гана таандык, “Хурултай” деген түшүнүгүн ээрчип жүрө беребизби?” деген принципиалдуу суроо пайда болуп турат.  Анткени, кыргыз тилинде “курултай” деген сөз жок.

Ишенбесеңиздер, кыргыз элинин классикалык сөздүк байлыгын бизге мурас катары жазып калтырган академик К.К.Юдахиндин 2 томдук сөздүгүн карап көрүңүз.

Экинчиден, азыркы бийликке каршы: “Дагы кайсы жеринен жаза тайып, дагы кандай катачылыктарды кетирет болду экен?” деп шымаланып, ай балтасын асынып, тузагын тууралап, котур ташын койнуна катып отурган экс-президент мырза-айымдардын  арзымат-чабармандары азыр да болсо  арабызда акмалап жүрүшөт.

Сөзүбүз кур болбос үчүн, турмуш өзү көрсөткөндөй, өткөн-кеткендерди эске алып, азыркы аракеттеги эр-азаматтарыбыздын белине бел, көзүнө көз жана жанына чеп болуп берсин деген максатта төмөнкү фактыларды насаат катары айтып кетким келет.   

Алардын биринчиси —  “Күлүп сүйлөгөн адамдан түңүл” деген сөз бар элде.

Экинчиси —  байкуш болуп бүжүрөп, үлүрөйүп-үңкүйгөндөн сак болгула, айланайындар. Анткени, билесиңер да элдин: “Мал арыгын сактасаң  ооз майлайт, киши арыгын сактасаң  төбө кандайт” деген макал-лакабын.

Жана, үчүнчүсү, эң коркунучтуусу — улуттун нигилистери.

Алар кыргыз элинин эң ыйык түшүнүктөрүн — Манасын, Чынгызын, Улуу Жыйынын, тилин-дилин, каада-салтын, үрп-адатын жана жан дүйнөсүн кошуп туруп — көз көрүнөө тебелеп-тепсеп, бурмалап, алардын ордуна калмактын Нескара, Жолой, Шыпшайдарын  даңазалап, алардын айкелдерин борбордук аянтыбыздын көрүнүктүү жерине чейин орнотуп да жибергенин…  Алардын ким экенин баарыңар жакшы билесиңер.

Алардын дагы бир тобу кайыптан жаралган калмактын “Жаңы Манасын” көтөрүп алышып, Кудай- арбактардан коркпой, мектептерге, орто жана Жогорку окуу жайларынын окуучуларына таратып жүрүшкөнүн…  Ооба, муну түшүнүү кыйын.

Алардын дагы бири: “Башталгыч мектептеги балдарга бекер тамак берип, орус балдарын кыйнап кыргызчага үйрөтүп, улутчул саясат жүргүзүп жатат” деген шылтоо менен кыргыз элинин кут даарыган мекенчил чыган уулун ээрден алып түшкөн…

Алардын дагы бир тобу — кыргыз-казак элдерин Улуу ачарчылыктан сактап калгандыгы үчүн: “Партиянын планын аткаруудан баш тарткан” деп, Кыргыз мамлекетинин алгачкы негиздөөчүсү, Улуу Кыргыздын кыраан уулун атууга дуушар кылгандар тууралуу:  “Менин кай бир мекендештерим үчүн Кыргызстан сүйүктүү, аны коргоп, ага кызмат кыла турган өлкө эмес. Ал аларга байлык топтоо үчүн гана керек. Менин шордуу элимдин бактысыздыгы так ушунда!..” деп жазып калтырган Абдрахман атанын чыган уулу – Жусуп мырза өзүнүн күндөлүгүндө.

Жана дагы бир нигилист, демократ-демагог тууралуу айтып кетпесек бул кеселдердин тизмеси кемтик болуп калышы мүмкүн. Ал, албетте, XX-кылымдын акыркы жылдарында жөөттөрдүн дүйнөлүк Форуму тарабынан атайын уюштурулган алтын аферасы. Ал дүйнөдөгү эң ири алтын кенинин бири – Кумтөр  кенин эл аралык аферист  Борис Бирштейн досуна жөн эле ит бекер берип кеткен жок.

Ал – кыргыз элинин Бүткүл дүйнөлүк, түбөлүк сыймыгы – Төрөкул уулу Чынгыз Айтматовдун атын булгап, кыргыз элинин чыгаан уулу Насирдин Исановдун өмүрүн кыйып, Жараткан тартуулаган кыргыз элинин таза суусун, мөңгүсүн, элин-жерин, малын-жанын ууландырып, шордуу элин итке миңгизип, жер кездирип, тентитип коюп, анткорлонуп, билмексен болуп, дагы эле жалмаңдап,  жылмайып коюп жүргөнү, албетте, абийирсиз арамзаалыктын эң жеткен чеги экенинде эч кимдин шеги деле жок. Бул айыкпас оору —  арамзаалыктын агониясы.

Тактык үчүн расмий түрүндө жарыяланган  документтердин  бир эле эпизодун айта кетейин:

 — 1989 жыл. Орус геологдору таап чыккан Кумтөр алтын кени Моссоветтин белгилүү жетекчиси үчүн жакшы кабар болду. Ал классташ досу – КГБнын шефи менен байланышып өзүнүн оюн айтты. Шеф өзүнүн коллегасы “Моссаддын” шефи менен байланышып Б.Бирштейнге чыгышты.

Так ошол убакта Москвада СССРдин Жогорку Кеңешинини кезектеги сессиясы өтүп жаткан. Моссоветтин жетекчиси Кыргыз ССРнин жетекчилиги менен байланышып, кызматташуу иретинде Кыргыз өкмөтүн Москвага чакыртты. Кыргыз өкмөтү менен бирге кеңешмеге СССРдин Жогорку Кеңешинин депутаты А.Акаев да катышты (ист. Е.Денисенко, Моск.кор.”Слово Кыргызстана” от 1 августа 1992 г.).

Ал кезде Ч. Айтматовдун алар менен иши да жок болчу. Андан 3 жыл өткөндөн кийин гана (1991 жыл 24 сент. № УП -328) жабык указ менен Санжар Айтматовду атайын өкүл кылып дайындап, Бирштейнди Цюрихтен  чакыртып алды. Орусча айтканда: дл отвода глаз, т.е. для прикрытия тайны заговора.

Мунун баары кийин, Садыр Жапаровдун жетекчилигинде түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын отчетунда толук көрсөтүлгөн. Бирок ал комиссиянын ишин карап, керектүү чечим кабыл алуу боюнча Жогорку Кеңештин атайын отурумунда көпчүлүк добуш менен Кумтөрдү мамлекеттин кызыкчылыгына иштетүү сунушу өтпөй калган.

Себеби, албетте, белгилүү – Кумтөр авантюрасына түздөн-түз катыштыгы бар Кыргыз мамлекетинин экс-жетекчилери жана аларды убагында колдоого алган “ийкемдүү” жооптуу мамлекеттик кызматкерлердин көпчүлүгү парламентте отурушкан эле. Алардын кай бири азыркы күнгө чейин Кумтөрдөгү үлүштөрүнүн эсебинен дивидент катары 150 миңден 250 миң долларга чейин ай сайын алып турушат.

Ошол себептен “элдешкис” Садыр Жапаровдун жана анын жактоочуларынын көзүн тазалаш үчүн бийлик учурдан пайдаланып аларды түрмөгө отургузганга үлгүрүшкөн.

Садыр Жапаровдун күнөөсү ошол: Бийлик өкүлдөрү аркылуу Кумтөрдүн жетекчилиги сунуштаган 100 миллион доллардан баш тартып, элинин, жердештеринин убагында парламенттик шайлоодо жеңип чыкса да мандатын ала албай турганда төрт күн бою күнү-түнү менен кардын үстүндө жатып кыйналганын кыя албай – 8 жылы жер төлөдө жатып чыкты…

Мындай чындыкты азыркы жаңыдан жанданып келаткан эл кыймылынын үстөмдүгүн даңазалаган учурда айтпай коюга мүмкүн эмес, анткени эски бийликтеги арам тамак арзыматтары, иштен четтетилген шылуун-шүмшүктөрү бир жерден болбосо дагы бир жерден чыгып, жаңы бийликтин жаза тайып кетирген мүчүлүштөрүнөн пайдаланып, эл бийлигинин ыкчам жүрүшүнө бут тосуп, коомчулуктун ыркын кетирүүгө жан аябай кирип кетиши да ажеп эмес.

Мындай шартта жакшылык да өзүн өзү коргоп, колдо болгон бардык мүмкүнчүлүгүн колдонууга толук моралдык укугу бар экенин дагы бир жолу тастыктап айтып кетким келет. Анткени элинин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылган ар бир мекенчил патриот инсандын укугу да эли тарабынан коргоого алынышы зарыл.

Ушуну менен айта турган кебимди аяктап, жаңы бийликтин эр-азаматтарына күч-кубат тилеп, элибиздин бакубат турмушуна туруктуулукту жана тынччылыкты каалап,

Терең урматым менен,- деп                                               Карыбай Турусбеков

PS: Өткөн Улуу Жыйындын катышуучусу, № 325 мандаттын ээси, Аламүдүн районунун Лебединовка айылынын тургуну, 1942 жылы туулган. тел. 0704 200612