Домой Укук / Право Милициянын кайгуул кызматкерлери ээнбаштыка шекттелген жаранды кармады

Милициянын кайгуул кызматкерлери ээнбаштыка шекттелген жаранды кармады

2020-жылдын 18-октябрда болжол менен саат 21:40 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Т.Молдо көчөсүндө жолдошумду уруп жатат деген чакыруу келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1994-жылы туулган К.А аттуу айым арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 21:30 чамасында арыз ээсинин жолдошун 1989-жылы туулган У.С аттуу жаран уруп, белгисиз улгүдөгү тапанча менен жерге ок чыгарганга чейин барган.
Чакыруу менен келген Милициянын кайгуул кызматкерлери Байсултанов жана Мамбеталиев ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-чарасын уюштуруп, кылмыш иизи сууй электе кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган У.С аттуу жаранды кармашып, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришти.
Бул факты боюнча азыркы учурда Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана Жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренесинин (Ээнбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрушкө алынды.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы